Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

Разаков: Курсан Асанов экөөбүздүн ортобузда эч кандай тиреш болгон эмес

0
Разаков: Курсан Асанов экөөбүздүн ортобузда эч кандай тиреш болгон эмес

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишине байланыштуу алгачкы соттук жыйын өттү. Ал иште жабырлануучу катары катышып жаткан мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эмнеге сотко арыз бергенин айтып берди. Разаков «алгач мени каралагандардын артында ким турганын билген эмесмин» деди.

«Курсан Сатарович менен ортобузда эч качан эч кандай карама-каршылык, тиреш болгон эмес. Иш жана акча боюнча мамилебиз болгон эмес. Анын позициясын түшүнбөйм», деди Разаков.  

14-февралдагы алгачкы соттук жыйында иштин негизи боюнча сот 28-февралда башталары белгилүү болду. Жактоочу Икрамидин Айткулов Асановго карата козголгон кылмыш иштери бириктирилгенин жана чала тергелип калганын билдирди. Алгачкы соттук жыйынга Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, «Чындык» (Chyndyk.kg) сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков жана мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков катышты. 

4-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов боюнча тергөө иши аяктаганын маалымдаган. Андагы маалыматка ылайык, Асанов Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу»), 44-беренесинин 2-бөлүгү («Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу»), 45-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк»), 5-бөлүгү («Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү») боюнча айыпталууда.

Анда Башкы прокуратура Асанов ИИМдин башка кызматкерлери Пайзилда уулу Дамир менен Мухамедали Асановду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жардамчысы жана жансакчысы катары иштетип жүргөн, ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков менен чогуу ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналып жатканын кабарлаган.

Мындан тышкары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта Дамир Пайзилда уулу жана Мухамедали Асанов менен кошо кылмыш далилдерин жок кылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жансакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына, андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берген деп айыпталууда. Бул иштин алкагында жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулу да камакка алынган.

Курсан Асанов «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухамедали Асановго издөө жарыяланган. Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан. Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков да камалып, үй камагына чыккан. (TSh)





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил об окончании строительства городского вокзала «Кутузовская»





Москва

Артисты – они все особенные!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин открыл пешеходную галерею между станциями метро и МЦД-4 Кутузовская



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Виктор Цой

Гагарина назвала себя жертвой в конфликте с Кормухиной из-за песни Цоя «Кукушка»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Росгвардейцы обеспечили безопасность во время футбольного матча в Москве

Баскетболисты из Лобни завоевали золото на турнире Moscow Open

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей


Ролан Гаррос

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции: «Я здесь дома»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Состоялся пробный запуск для MMO Ragnarok: Rebirth на Android



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России