АКШ: «Huawei» Иранга демонстранттарды көзөмөлдөөгө жардамдашкан
АКШнын Юстиция департаменти кытайлык «Huawei Technologies» компаниясын Иранга демонстранттарды көзөмөлдөөгө жардамдашкан деп айыптады.
Технологиялык жабдуулардын ири өндүрүүчүсү буга чейин да Вашингтондун кысымына туш болуп келаткан. 13-февралда коюлган айыпта «Huawei» америкалык алты технологиялык компаниядан соода сырларын уурдап алууга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы мыйзамды бузууга аракеттенгени айтылат.
Прокурорлордун баамында, компания Ирандын бийлигин былтыр Тегеранда өкмөткө каршы акцияларга катышкандарды көзөмөлдөй турган камералар менен камсыз кылган.
Бензиндин баасын көтөрүү планы жарыяланганда Ирандын 100дөн ашуун шаарында нааразылык акциялары башталып, айрым жерлерде зомбулук, адам өлүмү менен коштолгон.
Буга чейин «Huawei» компаниясы Ислам Республикасына каршы экономикалык санкцияларды бузган келишимдерди түзүп, ал тууралуу банктарга бурмаланган маалыматтарды берген деп күнөөлөнгөн.
Компания дооматтарды «негизсиз» деп атады. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШны «кытайлык ишканага каршы жүйөсүз кысымды тезинен токтотууга» чакырды.