Евробиримдик Кыргызстандын социалдык коргоо тармагына 6 млн. еврого жакын акча бөлдү
![Евробиримдик Кыргызстандын социалдык коргоо тармагына 6 млн. еврого жакын акча бөлдү](https://gdb.rferl.org/945EF6BD-24F9-4187-A8CC-6C0ADCF94CE6_cx15_cy24_cw32_w800_h450.jpg)
12-февралда Европа Биримдиги Кыргызстандагы социалдык коргоо секторун колдоо максатында грант катары Финансы министрлигине 5 млн. 750 миң евро которду.
Бул - өлкөнүнүн социалдык секторун колдоо көрсөтүү программасынын алкагындагы которулган үчүнчү жана акыркы акча каражаты. Программанын максаты өкмөттүн социалдык коргоо тармагында реформа жүргүзүүгө багытталган. Европа Биримдиги 2016-жылдан бери бул программанын алкагында 16,5 миллион евро грант бөлгөн.
Европа Биримдигинин 2014-2020-жылдары Кыргызстандагы социалдык коргоо секторун колдоо максатында ишке ашырган программаларынын жалпы суммасы 174 млн. еврону түзөт. (TSh)