Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Курман айт быйыл тынч белгиленди

0
Курман айт быйыл тынч белгиленди

Мусулмандар үчүн негизги майрам болуп саналган Курман айт коронавирус пандемиясы күчөгөн маалга туш келди. Ал быйыл ажылык токтогон, айт намаз окууга тыюу салынган жана башка чектөөлөр киргизилген шартта өтүп жатат.

Бишкек шаарында жашаган Орозалиевдердин үй-бүлөсүндө бул жолку курман айт оор жоготуу менен өтүп жаткан кези. Жыл сайын бул майрамда 10 бир тууган үйдүн улуусу Жайлообек Орозалиевдин үйүндө чогулчу. Быйыл карындашы Махабат агасы үчүн куран түшүрүп, сыздап жатышканын айтууда:

«Ата-энебиз каза болуп калгандан кийин агам бизге ата, апа ордуна болуп, баш-көз эле. Жыл сайын ушул маалда агамдын үйүндө бака-шака болуп чогулуп отурчубуз. Быйыл агам үчүн куран түшүрүп, элдин аман болушун тилеп бата кылып отурабыз».

Махабаттын агасы, 53 жаштагы Жайлообек Орозалиев эки өпкөсү кагынып, Кант шаарындагы ооруканада 10 күн жаткандан кийин 16-июлда каза болгон. Артында жубайы, үч уул, бир кызы калды.

Мусулмандар үчүн негизги майрам болуп саналган Курман айт быйыл коронавирус пандемиясы күчөгөн маалга туш келди. Орозо айт намазы сыяктуу эле Курман айт намазы да мечиттерде жана аянттарда окулган жок.

Муфтият элди үй кыдырып айттабоого чакырып, COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө элек экенин белгилеген жана илдеттин мындан ары күчөп кетишине жол бербөөгө чакырган.

Муфтияттын басма сөз кызматкери Максат Атабаев бул чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү:

«Берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен гана майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздин үйүлөрүбүзгө айттап барбайбыз. Элибизге, жерибизге жакшылык, амандык тилеп отурушубуз керек. Адатка айланган үймө-үй кыдырууну токтотолу. Азыр коронавирустун очогу кете элек учурда бири-бирибиздин саламаттыгыбызга залакабыз тийбесин. Элди туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз».

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов "Азаттык" радиосунун "Биз жана дин" түрмөгүндө адам өмүрү кымбат экенин белгилеп, элди үйдө отурууга чакырган.

«Ар бир үйдө, ар бир адамдын, ар бир жаштын, ар бир картаң ата-энелердин колунда турган байланыш каражаттары аркылуу бири-бирибизди куттуктап, шарият койгон милдеттерди аткарып, жүзөгө ашырууга толук шарт бар. Телефон, видео байланыш, социалдык желелер аркылуу куттуктасак болот.

Азыр социалдык тармактарда «Эмне үчүн биз айтты майрамдабашыбыз керек? Эмне үчүн айтка чыкпашыбыз керек? Эмне үчүн айт намазын окубашыбыз керек?» деген сөздөр да айтылууда.

Биз шарияттын милдетин аткарып, адам өмүрүн жогору коюп, анын ден соолугун, коопсуздугун сактап, жараткан берген милдетти так аткарып жатабыз. Башкасын билбейбиз. Жаамат менен окула турган намазды токтотуу эл алдындагы милдет эмес. Кудай алдындагы милдет, жоопкерчилик. Биз динибиздин тууралыгы менен сыймыктанабыз. «Эмне үчүн аянтка чыгып намаз окубайбыз?» деген чакырыктар шарияттын түпкү максатын түшүнбөгөндөрдүн сөзү.

Ошондуктан, бул маселеде «бизге адам өмүрү кымбат» деп кескин, чечкиндүү айта алабыз. Себеби, Алла Таала өзү дагы адам өмүрүн баарынан жогору койгон. Адам өмүрүн сактоону милдет кылган. Адамдын абийирин, ден соолугун, кан-жанын, анын малын сактоо зарыл учурда биринчи орунга чыгат. Айрыкча, азыркы шартта. Учурдагы кооптуу мезгил бизге ушул нерсени милдет кылып турат».

Акимжан Эргешов менен маекти аудиодон толук уга аласыз.

Ишке ашпай калган ажылык сапар жана кайрымдуулук

 

Адатта бул учурда мусулмандар Сауд Арабиясына ажылык сапарга барып, Курман айт күнү Меккеде болушат. Бирок быйыл пандемияга байланыштуу бул өлкө чет элдиктерди киргизген жок. Өзүнүн чектелүү сандагы жарандарына гана ажылык сапарга уруксат берди. Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык орунга 6110 квота бөлгөн, бирок кырдаалга байланыштуу Кыргызстандан эч ким ажылыкка барган жок.

Ош облусунун тургуну 83 жаштагы Махмалчач Чыкыева бир топ жылдан бери ажыга барууну кыялданып жүргөн. Буга чейин Чыкыеваны балдары кичи ажылыкка - умрага алып барып келишкен. Быйылкы шартка байланыштуу ал зыяратка топтогон каражатын дем алдыруучу аппараттарды алууга жумшап, элдин амандыгын тилеп отурганын айтууда:

 

«Быйыл биздин жолубузду кудай өзү бууп койду окшойт, ушундай шартта ажылык сапарга барбай калдык. Балам барбай калган акчама «элге жардам болсун» деп, эки дем алдыруучу аппарат алды. Бирин биздин айылдагы фондго, дагы бирин «Мээримдүү энелер» дегенге өткөрүп берди. Бул илдет нечендеген белгилүү адамдарды алып кетти. «Бөөдө кырсык менен оорудан алыс болуп, аман болсок экен» деп бүгүн тилек кылып отурам».

Жыл сайын айт майрамында атайы фонддор же кайрымдуу адамдар курмандык союп, муктаж үй-бүлөргө эт таратышат. Алардын бири «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду Курман айтта өлкө боюнча 10 миңден ашык үй-бүлөгө азак-түлүк баштыкчаларын таратууда.

Аймактардагы айт майрамы. 31-июль, 2020-жыл.

Фонддун директору Айдар Кубанычбеков бул жылы муктаждардын тизмеси көбөйгөнүн жана дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө көбүрөөк көңүл бурулганын белгиледи:

«Быйыл экономикалык абалыбызга байланыштуу, муктаждар көбөйдү. Жумушсуздук маселеси күчөдү. Чет жакта жүргөн мигранттар кайтып келип ишсиз калышты. Ошол эле кезде башкаларга жардам берүүнү каалаган, элдин камын көрө баштаган адамдар, фонддор, ыктыярчылар да арбыды. Пандемия биздин элди ынтымакка, биримдикке чакырды. Демөөрчүлөрдүн саны ошондуктан жакшы эле. Бирок алар дагы канча убакыт башкаларга жардам берүүгө алы жетет деген суроо туулат. Себеби, ишкерлер эле эмес, көбү карапайым күнүмдүк оокатын жасап жаткан адамдар. Мындай шарттта эртең эле алар да экономикалык кризиске учурап калышы мүмкүн. Бул жолу биздин тизменин башында дарыгерлер, алардын үй-бүлөлөрү болду. Жаздан бери азык-түлүк баштыктары, керектүү шаймандар менен камсыздаганга аракет кылып жатабыз».

Айдар Кубанычбеков бул жылы азык баштыктарын үймө-үй кыдырып, таратуу ыкмасы өзгөргөнүн, атайы тизме менен белгиленген убакытта алып кетиш үчүн шарт түзүлгөнүн кошумчалады.

Курман айт майрамы менен Президент Сооронбай Жээнбеков да кыргызстандыктарды куттуктады:

«Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн. Быйыл Курман айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз. Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм. Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт-таалай каалайм».

Ушул эле күнү саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте коронавирусту дарылаш үчүн кошумча ачылган жайлардагы бош орундар кайрадан азая баштаганын билдирди. 31-июлга карата жалпысынан 1 342 орун бош турат, эки күн мурда 1614 болчу. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуккан жаңы учурлар боюнча көрсөткүч да бир аз көбөйгөнү байкалууда.

Фотобаян: Бишкектеги мал базар Курман айтта иштеди. 31-июль, 2020-жыл.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Детский фестиваль искусств «Небо» станет праздником для всей семьи





Москва

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Проект "Давай друЖИТЬ" помогает исполнять заветные мечты детей



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Вольфганг Амадей Моцарт

Шуфутинский – по 8000, Моцарт – 800. Какие звезды и почем выступят в Ульяновске в июне




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Фильм «Мой любимый чемпион» показали в павильоне «Роснефти» на ВДНХ в Москве

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025

Дептранс Москвы раскрыл детали инцидента на станции метро "Спортивная"


Ролан Гаррос

Арина Соболенко повторила уникальное достижение Азаренко на турнирах «Большого шлема»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

С днем защиты детей росгвардейцы поздравили юных пациентов детской больницы в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России