Шайлоо 2020: «Бүтүн Кыргызстан», «Республика» тизмесиндеги айрым саясатчыларды атады
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын катарына «Ак шумкар» саясий партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев кошулушу мүмкүн. Бул тууралуу 6-августта партиянын өкүлү Айданбек Акматов «Азаттыкка» билдирди. Өкүлдүн айтымында, мындан тышкары «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоо тизмесине кирүү ниетин Өмүрбек Суваналиев, Исхак Масалиев, Алтынай Өмүрбекова, Зияш Жамалдинов, Ишенбай Кадырбеков, Турсунбай Бакир уулу, Ташполот Балтабаев, Жеңишбек Байгуттиев сыяктуу белгилүү коомдук-саясий ишмерлер билдиришкен.
Аты аталган саясатчылар мындай маалыматка комментарий бере элек.
Буга чейин Темир Сариев «Жаңы дем» урааны менен түзүлгөн саясий альянстан чыкканы айтылган.
Шайлоого даярдык маалында катарын иргеп жатканы тууралуу «Республика» саясий партиясы да маалымат таратты. Партия өкүлүнүн билдиргенине караганда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жетектеген партия келерки парламенттик шайлоого Жыргалбек Турускулов, Марлен Маматалиев өңдүү саясатчылар менен баратат. Ошондой эле кабарда Табылды Тиллаев, Бактыбек Раимкулов жана Тариел Жоробеков партиянын курамынан чыгарылганы белгиленген. Буга чейин айрым маалымат булактары ал саясатчылар «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен баратканын кабарлашкан.
Катары толук жаңыланып, өңчөй жаштар менен шайлоого баратканын буга чейин «Бир Бол» саясий партиясы жарыялаган.
Саясий партиялар шайлоого кырк күн калганга чейин шайлоого катыша турган талапкерлеринин расмий тизмесин курултай аркылуу бекитип, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырууга милдеттүү. Ошонун негизинде тигил же бул партия талапкер катары катталат. Шайлоого баруу ниетин жалпысынан 44 партия билдирген.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (NT)