Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2020

Чек арадагы абал, Жалал-Абаддагы оорукана

0
Чек арадагы абал, Жалал-Абаддагы оорукана

«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Баткен

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесиндеги окуя жеринде иликтенүүдө, абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, кыргыз тарап Баткендин Чыр-Дөбө деп аталган жериндеги чек ара тилкесинде 6-августтун таңында болгон окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Баласы даун синдромунан жабыркаган Элмира Сулайманова блогер катары айылдагы майып балалуу энелерге карата стигма менен күрөшүп келет. Аны соцтармактардын колдонуучулары “күн баланын энеси” деп издеп окушат. Беш баланын энеси Эльмира Сулайманова Баткендеги айылдардын биринде жашайт. Ал айыл жергесинде өзгөчө балдарды коомго аралаштыруу милдетин аткарган борбор ачкысы келет.

Нарын

Нарын облустук соту 4-августта аялын тепкилеп өлтүргөн эркекти он жылга кескен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 2019-жылдын 31-декабрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында 37 жаштагы келин күйөөсүнүн таягынан каза болгон.

2020-жылдын 12-майында Кочкор райондук соту кылмышка шектүүнү Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту ("Ден соолукка оор зыян келтирүү, бейбаштык максатта") менен күнөөлүү деп таап, 110 миң сом айыпка жыгуу менен 10 жылга эркинен ажыраткан. Маркум келиндин төрт баласы жетим калды.

Жалал-Абад

Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат, аны каржылоо маселеси чечилди.

Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 6-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясынын изилдөө борборунун имараты да капиталдык ремонттон өткөрүлүп жатат.

Ысык-Көл

Коронавируска каршы күрөш боюнча Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын 5-августтагы чечимине ылайык облустун кире беришине коюлган «Ак-Кеме» жана «Кызыл-Омпол» санитардык-карантиндик бекеттери алынып, бекетте нөөмөт менен иштеп жаткан медициналык, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өздөрүнүн негизги кызмат орундарына кайтып барышат.

Бул тууралуу өмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди.

Казакстандык спортчу Виталий Худяков Чолпон-Ата шаарынан Кажы-Сай айылына сүзүп өттү. Спортчу жалпы 56 чакырым аралыкты 13 сааттан бир аз ашыгыраак убакытта сүзүп өткөн. Ал таңкы саат 5:15те чыгып, Кажы-Сайга саат 18:30да келген. Спортчу мындай кадамы менен элдин көңүлүн Ысык-Көлгө бурдургусу келген.

 

Ош

5-август күнү Өзгөн шаарынан Ош шаарын көздөй келаткан жеңил автоунаа жолдун четиндеги жүк ташуучу автоунааны сүзүп, эки жүргүнчү каза болду. Кырсыкка кабылгандардын ичинен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн дагы эки киши 6-августта көз жумду. Бир жүргүнчү оор абалда ооруканада жатат.

"Сорос-Кыргызстан" фонду облустук ооруканаларга дары-дармек каражаттарын берди

"Сорос-Кыргызстан" фонду коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн 7 облустук бириктирилген ооруканага жана КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКка маанилүү дары-дармек каражаттарын сатып берди. Колдоонун суммасы 16 453 500 сомду түздү.

Дары-дармек каражаттарынын тизмесине антикоагулянттар жана антибиотиктер кирди: клексан – 3000 таңгак, эноксапарин – 3000 таңгак, гепарин – 2000 таңгак, цефепим – 15000 таңгак).

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун пандемиясы башталгандан бери фонд жеке коргонуу каражаттарын кайтарымсыз берүү, 118 ыкчам байланыш линиясын, психологиялык жардам боюнча ыкчам байланыш ачууда көмөк көрсөтүп келүүдө.





Губернаторы России
Москва

Собянин: В ТиНАО в программу реновации включили 268 домов





Москва

С чего начинается любое заболевание?


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале испытаний беспилотного трамвая в городских условиях и запуске виртуальной карты «Тройка»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Певец Лоза: Пугачева проигрывает Долиной в вокальном мастерстве




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым


WTA

Хромачёва и Сизикова пробились в финал турнира WTA в Рабате в парном разряде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Юрий Шатунов

Жителей и гостей Люберец 25 мая приглашают в парк на концерт памяти Ю. Шатунова



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России