Штаб: Сырттан келгендерден анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб 9-августта Кыргызстандын аэропортторуна башка мамлекеттерден кайткан жарандар үчүн өзгөртүлгөн алгоритм тууралуу маалымат берди.
Штабдын билдирүүсүндө, вирус өлкө ичинде көбөйүп, сырттан келген жарандардан аныкталган учурлар аз болуп жаткандыгына байланыштуу, алар үчүн алгоритм өзгөргөн. Жарандар келгенден кийин алардан ПЧР анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт.
Аларга анкета толтурулат, телефондоруна атайын мобилдик тиркеме көчүрүү сунушталып, үйүнө жиберилет.
Эгерде вирустун жана грипптин белгилери пайда болсо, жашаган жери боюнча дарыгерлерге кайрылуу тууралуу сунуш берилип жатат.
Коронавирус пандемиясынан улам быйыл мартта бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранып жатышат. Алардын көбү Орусияда жашап-иштеген мигранттар. (NT)