103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2020

Журналист Абдуллаев Ташкентке экстрадицияланганы тууралуу маалымат чыкты

0
Ташкенттин өтүнүчү менен Бишкекте кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин жакындары аны кыргыз бийлиги Өзбекстанга өткөрүп берип койгон болушу мүмкүн экенин билдирип, камтама болушууда. Камактагы журналисттин апасы Гавхаржон Мадаминованын 21-августта Би-Би-Синин өзбек кызматына айтканына караганда, уулу Өзбекстанга жеткирилиши мүмкүн.


Мадаминова 21-августта өзүн Хорезм облустук администрациясынын кызматкери катары тааныштырган «Сайёра» аттуу аял анын үйүнө келип, Ташкент шаарынын аэропортунан "уулуна учурашуу үчүн чукул арада баш калаага барышы керектигин" айткан.


Ал аял 22-августка Үргөнч-Ташкент каттамындагы учак билетин да берип кеткен.




Бул маалыматты Францияда жайгашкан «Борбор Азиядагы адам укуктары» аттуу уюмдун жетекчиси Надежда Атаева да «Фейсбук» баракчасына жарыялды.




Өзбекстандык журналисттин Бишкектеги жактоочусу Тимур Карабаев да 8-августтан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Абдуллаевди Башкы прокуратура Өзбекстанга эктрадициялоо жөнүндө чечим кабыл алып коюшу мүмкүн деп эсептейт.


«Биздеги маалымат боюнча Кыргызстандын тиешелүү кызматтары Абдуллаевди жашыруун түрдө өткөрүп берүүгө аракет кылып жатышы мүмкүн. Албетте, бул маалыматты такташ керек. Бирок Абдуллаевдин апасы жөн жерден маалымат таратпайт эле. УКМК карантин шылтоосу менен жактоочуларды Бобомурод Абдуллаев менен жолуктурбай келген. Башкы прокуратура Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп берүүнү чечкен болсо мыйзам боюнча бизде ал чечимге каршы сотко арызданууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок буга чейин УКМК жана прокуратура Бобомурод Абдуллаев боюнча маалымат бербей келди», - деди Тимур Карабаев.


УКМК Абдуллаевге байланыштуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.


Абдуллаевдин аялы Кутликиз Балхибаева да 18-августта «Азаттыктын» өзбек кызматына Бишкек анын күйөөсүнө адвокаттарын жолуктурбай жаткандыктан Ташкентке жашыруун өткөрүп берип салышы мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирген.


Бобомурод Абдуллаев Өзбекстандын өтүнүчү менен 8-августта кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.


Бобомурод Абдуллаев ушул жылдын февраль айында Борбор Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, журналист кайра кете албай калган.


Биринчи май райондук сотуна алып келишкен учурда ал өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан.




Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанда көпчүлүккө оппозициялык көз караштагы журналист катары таанымал. 13 жыл бою «Усман Хакназаров» деген ат менен Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовду жана бийлик өкүлдөрүн сындап келген. Өзбек күч түзүмдөрү 2017-жылы «Усман Хакназаровдун» артында Бобомурод Абдуллаев турганын аныктап, «Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен камакка алган эле. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. Ал быйыл Кыргызстанга келердин алдында Германияда жүргөн.




Губернаторы России
Москва

Собянин: МЦД продлят до Калужской, Смоленской, Тульской и Ярославской областей





Москва

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин заявил о продлении наземного метро Москвы в Тульскую область



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Шнуров

Четыре неудачные попытки: почему Сергей Шнуров не смог обрести семейного счастья




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»


ATP

Даниил Медведев вышел во второй круг турнира ATP-500 в Пекине



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Жительницы Москвы, Краснодара и Санкт-Петербурга больше всех тратят на сумки



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России