Кытай менен Чехия Тайвандын айынан кайым айтышып жатат
Чех Сенатынын спикери Милош Выстрчилдин Тайвандагы сапарынан улам Бээжин менен Праганын ортосунда дипломатиялык жаңжал чыкты. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө бул сапарды «саясий оппортунизм» жана «ачык чагымчылдык» катары баалап, Выстрчилдин бул сапарынын кесепети оор болорун эскертти. Бирок Бээжин кандай чара көрөрүн тактаган жок.
Ал эми чех спикери муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары мүнөздөп, Тайвандагы сапарын Кытайга каршы чыгуу катары баалабай турганын айтты. Бээжиндин билдирүүсүн Чехиянын Тышкы иштер министрлиги да сын менен кабыл алды.
Тайвань аралы өзүн Кытайдан көз каранды эмес субьект катары санаса, Кытай аны провинцияларынын бири деп эсептеп, өз алдынча эл аралык мамиле куруусуна каршы чыгып келет. Буга чейин чех оппозициясы президент Милош Земанды Кытайга жакын деп сындап келишкен. Выстрчил оппозициячыл Жарандык демократия партиясынан шайланган.