COVID-19: АКШда ооругандар алты миллион адамга чукулдады
Кошмо Штаттарда жаңы окуу жылы башталып, студенттер университеттерге кайткандан бери оору жуккандар көбөйүп жатат. Бийлик кампустарда көп киши чогулушуна, шаан-шөкөттөрдүн уюштурулушуна тыюу салып, барларды жабууга аргасыз болууда.
Жалпысынан АКШда коронавирустун жаңы учурлары, илдеттен көз жумгандар, ооруканага түшкөндөр азайып баратат.
Жонс Хопкинс университетинин 30-августтагы маалыматына ылайык, АКШда дагы беш миң кишиден коронавирус табылса, жалпы саны алты миллионго жетет.
Ал эми жалпы жер жүзүндө бул илдет жуккандар өткөн дем алыштарда 25 миллион адамдан ашты.
Жекшембиде Индияда коронавирус 78 761 кишиде аныкталды жана бул кезектеги антирекорд болуп калды. Буга чейин июлда АКШда бир күндө 77 299 учур катталган эле. Адистер муну менен пандемиянын очогу түштүк Азияга жылганын айтышууда.
Эпидемияны ийгиликтүү ооздуктаган өлкөлөрдө да вирустун тарашы басаңдай элек. Кийинки күндөрү Жаңы Зеландия, Австралия жана Түштүк Корея инфекциянын жаңы очоктору менен күрөшүп жатат.