Баткенде жугуштуу оорулар ооруканасы 12 миллион сомго оңдолду
![Баткенде жугуштуу оорулар ооруканасы 12 миллион сомго оңдолду](https://gdb.rferl.org/E1FDE4F7-7E8A-4E04-BA03-4CAA7F9828F3_w800_h450.jpg)
Баткен облусунда жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратын оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 31-августта оорукананын абалы менен таанышууга барган учурда белгилүү болду. Имаратта бардык шарттар түзүлгөнү, жакынкы күндөрү эмеректер менен камсыздала турганы айтылды.
Июль айынын аягында Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасына айлантуу максатында оңдоп-түзөө иштери башталган.
Оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен 12 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. (NT)