«Азаттык» радиосунун «Санжыра» радиосундагы эфир жадыбалы убактылуу өзгөрдү
1-сентябрдан 2-октябрга чейин «Азаттык» радиосунун «Санжыра» радиосу аркылуу эфирге чыгуу жадыбалы убактылуу өзгөрдү.
Мурда эртең менен саат 7:00дөн 9:30га чейинки түз эфирдеги уктуруулар саат 9:30дан 11:30га чейин обого узатылат.
Кечки саат 18:00дөн 20:00гө чейинки эфир 20:00-22:00гө жылды.
Жадыбалдагы өзгөртүү киргизүүнү «Санжыра» радиосунун жетекчилиги алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу сунуш кылган.
«Биринчи радионун» толкуну аркылуу обого берилчү программалардын убактысы мурдагы бойдон калат.