Брекзит маселеси Лондон менен Брюсселди сотко чейин жеткириши ыктымал
Мындай божомолду "The Guardian" басылмасы жазды. Ага чейин британ өкмөт башчысы Борис Жонсон Евробиримдик менен келишимди бузарын билдирген. Шейшембиде Лондондо Брекзит боюнча сегизинчи сүйлөшүү башталды.
"Financial Times" жазгандай, Британия Брекзиттин негизги шарттарынын бири болгон - Түндүк Ирландиянын макамы тууралуу мыйзамды кабыл алууга даяр. Мурдараак Лондон менен Брюссель Ирландия менен Түндүк Ирландиянын чек арасы ачык боюнча кала берерин макулдашкан. Бирок Түндүк Ирландиядан Британияга келген жүктөр бажы текшерүүсүнө алынат.
Британ прессасы Жонсон сунуш кылып жаткан өзгөртүүлөр боюнча Евробиримдик сотко кайрыла аларын белгилөөдө. Сот Лондонду ири өлчөмдөгү айыпка жыгып, ал эми Евробиримдиктен чыгуу тууралуу келишим күчүн жоготушу мүмкүн. Бирок бул Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы соода согушуна алып келиши ыктымал.
2016-жылдын 23-июнунда өткөн референдумда британ шайлоочуларынын 52% Евробиримдиктен бөлүнүүнү колдогон.