Билл Гейтс: коронавирус пандемиясы саламаттык сактоо тармагын аксатты
«Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык миллиардер, филантроп Билл Гейтс менен анын жубайы негиздеген фонд коронавирус пандемиясы маалындагы саламаттык сактоо тармагындагы абал тууралуу баяндама жарыялады.
Анда соңку илдеттен улам бул тармактагы глобалдык прогресс «кыйла артка кеткени» жазылган. Ошондой эле анын кесепети миллиондогон адамга тиери, оорудан өмүр кыйылган учурлар менен жакырчылык кыйла көбөйөрү белгиленген.
15-сентябрда жарыяланган документке ылайык, пандемиянын кесепетинен мукураган жакырчылык дүйнө жүзү боюнча 7% көбөйгөн. Ал эми эмдөөгө алуунун деңгээли 1990-жылдардагы абалга түшкөн.
«Бул өтө чоң кайгы. COVID-19 пандемиясы прогрессти токтотуп гана тим болбостон, аны кыйла артка кетирди», - деди Билл Гейтс басма сөз жыйынында.
Баяндамада пандемиянын айынан айрыкча аялдар, расалык жана улуттук азчылыктар көбүрөөк жабыркап жатканы белгиленген.
Билл менен Мелинда Гейтстердин фонду глобалдык саламаттык сактоодогу тармагында кайрымдуулук менен алектенет.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккандар 29 миллион адамдан ашты. Бул илдеттен 927 миңден көп бейтап көз жумду.