Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

04.03.10

0

c:\users\jaku\downloads\0304_10.htm ======================================================================== «Алиби», 04.03.10 • Детективдин иши жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу Детективдик агенттиктин укук коргоо органынан бир айырмачылыгы кайрылган адамдын аты-жөнү, эмне максат менен келгендиги ачыкка...

Сообщение 04.03.10 появились сначала на presskg.

c:\users\jaku\downloads\0304_10.htm
========================================================================

«Алиби», 04.03.10<br> •

Детективдин иши жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу
Детективдик агенттиктин укук коргоо органынан бир айырмачылыгы кайрылган адамдын аты-жөнү, эмне максат менен келгендиги ачыкка чыкпайт, бардыгы жашыруун сакталат. Ошондуктан, мындай агенттикке көбүнчө жакындарына айтуудан уялып-кысылгандар, айрым милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгондор же жыйынтыктын тез чыгышын көздөгөн адамдар кайрылат. Макалабыздын бу жолку мейманы «Эсквайр» детективдик агенттиктин директору Айтбай Сенбаевич Мусаев. Эмесе, детектив баяндаган окуяларга көңүл буралы.

4 миң сомго бааланган өмүр
Темир (аты-жөнү өзгөртүлдү) деген жигиттин сөөгү алты айдан кийин Чоң-Чүй каналынан табылат. Суу ичине өлүк көп жатып калгандыктан чирип, бузулуп баратыптыр. Медэксперттер Темирдин башына тийген катуу соккудан көз жумгандыгын аныкташты. Ошондо жигиттин туугандары биздин «Эсквайр» детективдик агенттигине кайрылып кылмышкерди таап берүүнү өтүнүшөт. Бул оор кылмыш иши боюнча милиция өз линиясы менен иликтөөгө өтсө, биз дагы өз ыкмабыз менен териштирүүгө кириштик. Адегенде иликтөөнү Темирдин өздүгүн тактоодон баштап кандай киши, ким болгондугун сурамжылап кирдик. Жыйынтыгында жигит көчөлөрдө «катал» деген оюндун (үч идиштин бирине шарик салынып ойнотот) активдүү катышуучусу экени билинди. Болгондо дагы Темир анын жетекчиси экен. Тагыраак айтканда, ал оюндан түшкөн акчаларды бөлүштүрчү жана милиция кызматкерлеринин тилин таап сүйлөшө алчу. Мындан сырткары буларда Ношпа, Смотрящий дегендери болоорун түшүндүк. Ношпа акчасын уттуруп ийгендерди сооротуунун милдетин аткарса, Смотрящий эки жакка байкоочу болуп, милициянын келатканын кабарлайт. Бул ишти иликтеп жатып Бишкек шаарындагы бардык «катал» ойноткучтар менен таанышып чыктык. Азыр ал мурдагыдай көп ойнолбой калыптыр. Антсе да оюнчулар бири-бирин Мани, Тото деген кличкалар менен таанышат экен. Ошолордун айтымында, Темир дайынсыз жоголор алдында Казбер аттуу немец улутундагы адам менен карта ойноптур. Ушундан кийин аны эч ким көрбөптүр. Имиш сөздү териштиргенибизде бизге төмөндөгүлөр маалым болду. Чын эле экөө көпкө чейин карта ойношот. Оюндун акырында Казбер төрт миң сомго утулуп калат. Жанында акчасы жок болгондуктан ал Темирге «бүгүн берем акчаны, эртең берем» деп жүрүп убакытты создуктуруп жиберет. Анан кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамы боюнча «картёжный долг-долг чести» деп коёт экен. Алардын түшүнүгү менен караганда картадан утулган акчаңды сөзсүз өл-тирил, беришиң керек, болбосо кадыр баркың, ар-намысың жок адам катары эсептелесиң. Мына ушунун баарын Темир Казберге эскертип, демитип, жемелеп турат. А Казбер аныңдын мага кандай тиешеси бар деп моюн толгойт сыягы.
Мына ошентип иликтөөбүздү жүргүзүп жаткан күндөрдүн биринде «каталчылардан» Казбер тууралуу дагы бир имиш сөз уктук. Көрсө, Казбер арак ичип отуруп, мастыгы менен тегерегиндегилерге Темирди өлтүргөнүн мактанып айтып алыптыр. Имиш сөзүн канчалык деңгээлде чын-төгүнүн иликтей келгенибизде мына булар маалым болду.
Казберге Темир дагы жолугуп акчасын доолап кирет. Ошондо акчаны бербесе жанын койбостугун түшүнгөн Казбердин ою бузулуп:
— Акчаны толук берүүгө шартым жок. Азырынча үчтөн бир бөлүгүн берип турайын,-деп үйүнө ээрчитип келет. Үйгө кирээрде Казбер жигитти алдыга өткөрүп, өзү артынан басат. Босогого жеткенде Казбер ары жакта турган балканы алат да, күч менен Темирди башка бир коюп калат. Жигит ошол жерден эле мүрт кетет. Үй ээси ошол замат кызыл жаян болгон жерди жууп-тазалап, дубалды актап-сырдап, кылмыштын жигин эч билгизбөөгө аракеттенет. Өлүктү мүшөккө салып Чоң-Чүй каналына ыргытып жиберет.
Биз муну кантип далилдедик? Агенттиктин детективдери тергөөчүлөргө колдогу маалыматтарды айтып, алар менен эриш-аркакта иштей баштайт. Бул оор кылмыш иштин бетин ачууда ИИМдин кыйын эксперттерин чакырып Казбердин үйүн иликтөөгө алдык. Казбер жигитти кайсы бөлмөдө өлтүргөнүн болжолдоп, экспертиза өткөзүү үчүн ультрафиолет нуру менен караганда акиташтын артындагы кандын тактары даана көрүндү. Полдун тешик-жыртыктарынан алынган пыр-сырлардын курамынан кан табылды. Экспертиза аныктагандай кан Темирге таандык болуп чыкты. Мына ушундай далилдердин негизинде Казбер айласыздан күнөөсүн мойнуна алып, болгонун болгондой айтып берди.

Акча жоготтук, көрдүңбү?
Агенттикке эл-журтка төбөсү көрүнгөн белгилүү ишкер кайрылып, үйүндөгү сейфтен ири суммадагы акчасы жоголгонун кабарлады. Ал сейфтин оозу талкаланып-бузулбагандыктан үйүндөгүлөрдөн шектенип жатканын билдирет. Үйдө алты киши: өзү, аялы, баласы, келини, кызы жана күйөө баласы жашайт экен. Биз баарын тең аңдууга алып, ким эмне иш менен алектенээрин, күндү кандай өткөрөөрүн иликтөөгө өттүк. Адегенде ишке «акыркы убакта ким көбүрөөк акча корото баштаган?» деген суроо менен кириштик. Биз үй-бүлө мүчөлөрү мурда соттолгонбу же жокпу муну дагы тактадык. Өзгөчө келини менен күйөө баласынын туугандарынан уурулук, алдамчылык менен соттолгон эмеспи деп катуу иликтедик. Албетте, бул ишти аткарууда көп убакыт, маалымат талап кылынды. Мына ушунун баарын териштирип отуруп, акырында ишкердин келинине токтолдук. Себеби келини кийинки кезде төркүнүнө байма-бай каттап, акча жагынан бир туугандарына көбүрөөк жардам бере баштаптыр. Ушул ишти иликтөө учурунда дагы бир кызык окуяга туш болдук. Ишкердин келини менен күйөө баласы ойноштук кылып жүргөнү билинди. Бизге ал жөнүндө тапшырма болбогондон кийин экөөнүн мамилеси сыр бойдон калды. Ал эми уурулукту ошол ишенген келини менен күйөө баласы чогуу жасаганын далилдеп, фактылар аркылуу көрсөтүп бердик. Кардар биздин кызматка аябай ыраазы экенин билдирди.


  КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА…

Тоногуч торго түштү
Окурмандардын эсине салсак, өткөн жылдын 15-ноябрь түнү саат үчтөрдө өлкөбүздөгү белгилүү чиновник аксакалдын уулу, «Манас» эл аралык аэропортунун директору Сыдыков Бактыбек Үсөнович Бишкек шаардык Свердлов РИИБисине кайрылып, кавказ улутундагы белгисиз үч жигит ага бычак такап, «Тайота-Лэнд Крузер-200» жеңил машинасын,1900 доллар, 350 евро акчасын жана «Нокиа» уюлдук телефонун тартып кеткендигин билдирген эле.

Бул кылмыш ишти Ички иштер министри М.Конгантиев өзү катуу көзөмөлгө алгандыгы жалпыга маалым. Көп өтпөй жүргүзүлгөн оперативдүү иш-чаралардын негизинде шектүү Алиев Магомед колго түшөт. Милициянын кылтагына илингенден кийин Магомеддин буга чейинки кылмыш иштери биринин артынан бири чубалып чыкпаспы. Суракта бул 44 жаштагы мырза 2002-жылы Казакстан Республикасынын Балхаш райондук соту тарабынан полициянын сержанты Е.Шахметовдун өлүмүнө себептүү болгондугу үчүн 15 жылга эркинен ажыратылгандыгы белгилүү болду. Жаза мөөнөтү бүтө электе М.Алиев эркиндикке кантип чыга келди, ал өзүнчө маселе.
«Кыңыр иш кырк жылда билинет» дейт эмеспи элибиз. Анын сыңарындай, М.Алиевдин дагы ачыла элек «сырлары» көп экени талашсыз эле. Суракта былык иштери булайып чыгып, бир нече эпизоддуу кылмышты өзү жалгыз эмес, шериктери — 33 жаштагы Абдурахман Магомедов жана 30 жаштагы Магомедзагир Рамазанов менен жасагандыгын билдирип көрсөтмө берген. Үчөө тең Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылынын тургундары. Үчөө тең каруу-күчкө толуп, иш десе — ишке, аш десе — ашка тойбой турган курактары.
М.Алиев өз көрсөтмөсүндө 2002-жылдын февраль айынын башында А.Нацибулинди токтотуп, күч колдонуу менен айдап бараткан «Арпа» АКга таандык «Тайота -Лэнд Крузер-200» автоунаасына ээлик кылып кеткенин маалымдаган. М.Алиев ошол эле шериктери менен мындан он жыл мурда 13-августта ордо калаабыздын 7-кичирайонунан И.Туроходжаевге чоң муштумдугун көрсөтүп, «Мерседес Бенц» жеңил машинасын айдап качып кеткендиги.
Мындан сырткары, шектүү делип кармалган М.Алиев мыйзамсыз түрдө машиналарды айдап качкандыгын айтып, дагы үч эпизодду мойнуна алып отурат. Учурда тергөө амалдары уланууда жана М.Алиевдин шериктери А.Магомедов, М.Рамазановго издөө салынды. Эми М.Алиевдин сөздөрүнүн канчасы чын, канчасы калп экендигин тергөөнүн жыйынтыгы билдирет.

Бетти даярдаган
Жаныбек АЛИКЕЕВ


0304.htm

Сообщение 04.03.10 появились сначала на presskg.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Около обновленных поликлиник создано более 600 зон отдыха





Москва

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Проект "Давай друЖИТЬ" помогает исполнять заветные мечты детей



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Самойлова о поездке Джигана на «Выжить в Дубае»: «Поставила перед фактом, а он молился, чтобы рейс отменили»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Источник 360.ru: птенцов придавило тренажером во дворе дома в Москве

В Москве презентовали медали и экипировку VIII игр «Дети Азии»


Даниил Медведев

Российские ракетки сообразили на троих // Даниил Медведев, Мирра Андреева и Элина Аванесян дружно вышли в 1/8 финала теннисного Roland Garros



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Как подобрать запчасти на китайские авто?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России