Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Бишкектин Бээжиндин көңүлүн алуу аракети

0
Бишкектин Бээжиндин көңүлүн алуу аракети

"Eurasianet" басылмасы 9-декабрда “Кыргызстан маанилүү инфраструктураны курууда Кытайдан жардам сурап жатат” деген материалын жарыялады. Макала “Кыргызстан Кытайга болгон карызынан кантип кутуларын билбей башы катып жаткан кезде дагы бир ирет Бээжиндин маанилүү инфраструктураны өнүктүрүүдө ойногон ролун эске салды” деп башталат. 

Анда кыргыз транспорт министри Бакыт Бердалиевдин Кытайдын "Xinhua" кабар агенттигине берген интервьюсу тууралуу сөз болот. Министр эң алыскы аймактар менен байланыштырган жолдордун курулушу үчүн коңшу өлкөгө ыраазычылыгын билдирген. Ийгиликтүү мисал катары Бишкек-Нарын-Торугарт жана жаңы түндүк-түштүк альтернативалуу жолдорду келтирди.

"Кытайлык аудитория Кыргызстандын мамлекеттик телеканалы – КТРК даярдаган “Жакшы кошуна - стратегиялык өнөктөш” деген аталыштагы 8 мүнөттүк репортаж менен да таанышууга мүмкүнчүлүк алды. Репортажда Бээжин Кыргызстан үчүн канчалык маанилүү экени байма-бай айтылган" деп жазды басылма. Андан ары көптөн бери уланып келаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аяктап келатканын эске салат.

Бердалиев интервьюсунда ал долбоор алга жылып жатканын, техникалык маселелерди макулдашуу калганын айткан. "Eurasianet" анын “Бирок саясий чечимдер керек, эң негизгиси тиешелүү тараптардын гана эмес, Евразия Экономикалык Биримдигинин структураларынын да, асыресе банктар менен башка институттардын да катышуусу зарыл”, - деген сөздөрүн келтирет.

Макалада КТРК да өз материалында Кыргызстан Кытай карызынан кутулуу маселеси турганын моюнга алганы жазылган.

Автор карыздын чоо-жайын, Бишкектин төлөө мөөнөтүн жылдыруу, жеңилдик алуу, Кытай өкүлдөрү менен бул маселени талкуулоо аракеттери, кытайлык инвесторлор туш болгон кыйынчылыктар, жергиликтүү элдин нааразылыгы тууралуу баяндайт.

Андан ары 24-ноябрда Бишкек өкмөтү Кытай компанияларынын жана жарандарынын коопсуздугун камсыздоого болгон аракет көрүлүп жатканына ишендирүү үчүн кытайлык инвесторлор менен тегерек үстөл уюштурулганы айтылат. Иш-чарада Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев кытайлык инвестициялардын 80 пайызы энергетика жана кен тармактарына туура келерин айтып, бул маселе абдан маанилүү экенин белгиледи.

“Бирок мунун бардыгы Кытайдын көңүлүн алуу үчүн жетиштүүбү?” деген собол менен аяктайт бул макала.​

"The Diplomat" басылмасы дүйнөдө аялдардын 35 пайызга жакыны сексуалдык жана зомбулуктун башка түрлөрүнө кабылат деген БУУнун маалыматын келтирет. Бул санга сексуалдык асылуулардын статистикасы камтылган эмес.

Макаланын автору Кэтрин Пуц Кыргызстандагы абалга кеңири токтолуп, 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу мыйзамга кол койгонун кошумчалады. "Human Rights Watch" уюму ошондой документте зомбулуктун курмандыктарын коргоону жакшыртуу, андай аракеттерге барган адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү чаралары каралганын билдирген. Бирок үч жыл өтсө да, Кыргызстандагы аялдарга адилеттүүлүк табуу кыйын болуп жатат, - деп белгилейт автор.

Макалада 25-ноябрда белгиленген Аялдарга каршы зомбулукту жоюу эл аралык күнүнө жана 10-декабрдагы Адам укуктары күнүнө арналып жазылган баяндамада АКШнын Адам укуктары боюнча борборунун Юристтер ассоциациясы жарыялаган докладдагы маалыматтар тизмектелген.

Баяндамада жакында болгон үч окуя талданып, гендердик зомбулукка келгенде аялдардын укуктары тебеленгени, сот адилеттүүлүгүнүн жоктугу, алардын дискриминацияга жана зордук-зомбулукка каршы нааразылык акцияларга чыгуу укуктарынан да ажырап жатканы айтылган.

Америкалык ассоциация 2013-жылы Таласта сот ситемасынын үч кызматкери Калия Арабекова аттуу жергиликтүү тургунду зордукташканын, кылмышты териштирүү, соттук угуулар создуктуралганын, эки киши акталганын, бул иш акыйкатчыга чейин жеткенин баяндаган. Эми пандемияда ишти кароо улам кийинкиге калып жатканын, Арабекованы зордуктаган эркектер эркиндикте жүргөнүн белгилеген юристтер, бул окуя “кыргыз сот системасындагы өзгөчөлүктү эмес, норманы чагылдырат”, деген жыйынтыкка келишти. Баяндамада дагы эки аялдын башынан өткөргөн зомбулук тууралуу айтылат.

Баяндамада кыргыз өкмөтүнө бир нече сунуш да камтылган. Атап айтканда, бийлик зомбулукка кабылган кыз-келиндерди коргоо, алардын кенемте алуу укугун камсыздоо, зордукчул аракетти жасаган адамдарды жазага тартуу аракетин көрүүгө тийиш. Тартип коргоо органдары укуктук базаны жынысына карабай бардык жарандарга бирдей колдонушу керек, судьялар менен адвокаттар өзүн-өзү коргоо мыйзамдуу аракет экенин так билүүгө тийиш. Андан тышкары бийлик Аялдардын эл аралык күнүнө арналган жүрүштүн катышуучуларын кармоону айыптап, иш-чараны үзгүлтүккө учураткандардын аракеттерин иликтөө сунушу берилген.

"Eurasianet" жана "The Diplomat" басылмалары, башка чет өлкөлүк бир топ маалымат каражаттары, Кыргызстан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун АКШ Финансы министрлигинин санкция тизмесине киргизилгенин жазышты.

"Министрлик Африка жана Азиядагы коррупционерлерди бутага алган ал "кара тизмеге" гонконгдук кылмыштуу топтун мурдагы анабашы, 1999-жылы соттолуп, 2012-жылы эркиндикке чыккан Ван Куок-койду, либериялык саясатчы Гарри Варни Гбото-Намби Шерманды киргизген" деп жазышты айрым басылмалар.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников





Москва

«Лето. Москва. Шавасана» — в Москве пройдёт Международная Конференция Йога Журнала


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о разделе сервиса RUSSPASS, который запустили к началу летнего сезона



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Булат Окуджава и мой ответ тем, кто хотел бы его «отменить»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве

Чья компания сильнее всех?

Клиенты СберСтрахования стали в 1,5 раза чаще приобретать страховки для бегунов


Людмила Самсонова

Самсонова победила Фернандес и вышла в третий круг турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: в чем отличие химических фильтров от физических



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России