Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Связь лидера ОПГ Матраимовых Шарабидина миллиона Капарова с криминалом

0
Связь лидера ОПГ Матраимовых Шарабидина миллиона Капарова с криминалом

    КР Президенти, КР ЖК төрагасы Т.Т. Мамытовго                                                                     

                                                  723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-  Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ

Урматтуу Талант Турдумаматович!

Биз 2018 жылдан бери эки жолу соттолгон кримиңал Сухбатилло Мамарзаев тарабынан мыйзамсыз аракеттери жөнүндө бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок, эки жолу соттолгон кримиңал С.Мамарзаев Кыргыз элинин укуктарын тебелеп-тепсеп, басмырлап, Кыргыз мыйзамдарына тукуруп жатат. Себеби Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы коррупционер Ш.Капаров мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында, эки жолу соттолгон кримиңал С.Мамарзаевди колдоп, Кыргыз элинин коопсуздугунан С.Мамарзаевдин материалдык байлыгын жогору койгонун натыйжасында, мамлекетке 8,6 миллион сом (100 миң доллар) зыян келтирген.

1) 02.12.2020 ж. муниципалдык менчиктерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Ал аукциондо Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан 150 кв.м. жер тилке сатууга коюлган. Ал жердин базар баасы 10 млн.сом, бирок С.Мамарзаев ал жерди болгону 1 406 000 сомго сатып алат. Себеби эки жолу соттолгон С.Мамарзаев айыл өкмөт башчысы Ш.Капаров жана Мамэкотехинспекция башкы адиси Шарабидин уулу Шадыбек менен алдын ала сүйлөшүп, мамлекеттик менчигиндеги жер тилкени эч кандай уруксат кагаздарсыз, өзүм билемдик менен ээлеп, басып алып (КР КЖК 207 бер.), жер салыктарын 25 жылдан бери толобой (КР КЖК 231 бер.), мыйзамсыз курулуштар куруп, айыл өкмөтүнүн №2 05.11.2019-жылкы мыйзамсыз протоколу негизинде ал жер тилкеге өтүүчү жолду жана тротуарды атайын тостуруп, контейнерлер менен тосуп таштаган. Бир нече кайрылууларыбыздан кийин, Кара-Суу райондук Соту айыл өкмөтүнүн №2 05.11.2019-жылкы протоколун негизинде берилген ижараге берүү келишимиң жокко чыгарган. Бирок, уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү Ш.Капаров, Шарабидин уулу Шадыбек, эки жолу соттолгон кримиңал С.Мамарзаев Кара-Суу райондук сот аткаруучусу менен алдын ала сүйлөшүп, Кара-Суу райондук Сотунун чечимиң аткарбай, контейнерлерди алдырууну, 150 кв м. жер тилкеге өтүүчү жолду, тротуарду ачууну ордуна, 150 кв.м. жер тилкени мыйзамсыз сатууга коюшат.

 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 11 бер. 2 бөл. ылайык Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартиби Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши тарабынан белгиленет. Бирок, 02.06.2020 ж. сессияда бардык депутаттар тарабынан муниципалдык мүлктөрдү сатылышына тыйуу салынып, ижарага берүү каралган эле. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин токтому “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 4 бер. ылайык ченемдик укуктук акт болуп эсептелет. Бирок, Ш. Капаров мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен баюу максатында Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы Дилшод Сатвалдиев менен алдын ала сүйлөшүп, “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22, 23 бер. одоно бузуп, коомдук талкуулар өткөргөн эмес (Ш. Капаров жасалма коомдук угуу өттү деп өзүнүн дужурлоруно кол койдурушу мүмкүн), Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин мыйзамсыз токтомдорун чыгартып, муниципалдык менчиктерди сатылышына алып келген. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 19 бер., 13 бер. 2 бөл. ылайык Менчиктештирүү программасы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Бирок, Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши тарабынан Менчиктештирүү программасы бекитилген эмес. Айыл өкмөт башчысы Ш.Капаров Менчиктештирүү программасын айылдык кеңеши тарабынан 2010 жылдан азыркы күнгө чейин атайын бекиттирбей, муниципалдык мүлктөрдү мыйзамсыз саткан.

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 15 бер. 2 бөл. ылайык Тоорук өткөргөндө жана кыймылсыз муниципалдык мүлктү бир жылдык жана андан көбүрөөк мөөнөткө ижарага же пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн учурда Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров кыймылсыз муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга берүү ниети жөнүндө табыштаманы кабыл ала тургандыгы тууралу кулактандыруу жарыялайт. Жазуу жүзүндөгү билдирүү коомдук жайларда илинүүгө тийиш. Бирок, жемкор Ш.Капаров мыйзамдын ал талаптарын 2010 жылдан азыркы күнгө чейин одоно бузуп, кулактандыруу жана жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдү коомдук жайларда эч качан илген эмес, себеби коррупциялык схемалар иштебей калат. Мыйзамдын ушул талаптары паракор Ш.Капаров тарабынан одоно бузулгандыгына байланыштуу 02.12.2020 ж. тоорук комиссиясынын отурумун мыйзамсыз деп таап депутат У.Абдулазимов чыгып кетет.

КР Өкмөтүнүн 23.09.2011 ж. №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо”нун 13 бер. ылайык Менчик укугу түзүлгөн жер участокторго берилет. Эгерде жер участок үчүнчү жактардын укуктарынан бош болсо түзүлдү деп эсептелет.  Жобонун 32 бер. ылайык Жер участокко укукту берүүгө болбойт, эгерде жер участок ушул Жобого ылайык түзүлбөсө. Бирок, С.Мамарзаев айыл өкмөт башчысы Ш.Капаров жана Мамэкотехинспекция башкы адиси Шарабидин уулу Шадыбек менен алдын ала сүйлөшүп, мамлекеттик менчигиндеги жер тилкени эч кандай уруксат кагаздарсыз, өзүм билемдик менен ээлеп, басып алып (КР КЖК 207 бер.), 25 жыл жер салыгын толобой (КР КЖК 231 бер.), мыйзамсыз курулуштар куруп алган болот. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, өзүнүн функционалдык милдетерине шалаакылык мамиле жасаган Ш.Капаров. Ш.Шарабидин уулу, сот аткаруучу ал мыйзамсыз курулуштарды бузуп жана 150 кв.м. мамлекеттик жер тилкеге өтүүчү жолду ачууну ордуна, С.Мамарзаевдин материалдык байлыгын жогору коюушканын натыйжасында, мамлекетке 8,6 миллион сом (100 миң доллар) зыян келтиришкен.

Жобонун 33 бер. ылайык Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү коомдук угууларды өткөрүүшу зарыл. Кызыкдар жактарга коомдук угуулар болгону жатканы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоордон 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт. Коомдук угууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Коомдук угуу процессинде протокол түзүлөт, анда түшкөн бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары жазылат. Коомдук угуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол Жер участоктун планы жана ага тиркелген материалдар менен комиссияга жиберилет. Протоколдун копиясы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызматтык имаратында жалпыга көрүнөө жердеги атайын стендге илинет жана анын расмий сайтына жарыяланат. Бирок, жер саткыч Ш.Капаров коомдук угуулар өткөргөн жок жана Коомдук угуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызматтык имаратында жалпыга көрүнөө жердеги атайын стендге 2010 жылдан азыркы күнгө чейин эч качан илген жана Тоорук комиссиясына берген эмес.

Жобонун 54 бер. ылайык Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле ЖМКнын өкүлдөрү да катышууга укуктуу. Бирок, кримиңал С.Мамарзаев мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында, тооруктан Д.Рахманованы мыйзамсыз катыштырбай, чыгарып жиберет.

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 9 бер. 1 бөл. ылайык Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы коррупционер Ш.Капаров мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга, аны жүргүзүүгө жана жарандарды ал реестр менен тааныштырууга милдеттүү. Бирок, Ш.Капаров мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында, Мыйзамдын ал талаптарын одоно бузган.

2) №2 05.11.2019-жылкы протоколу менен айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жолу соттолгон кримиңал С. Мамарзаев менен алдын ала сүйлөшүп, Б.Осмонов көчөсүндө жолдун боюнда жайгашкан өзүнүн жеке менчигиндеги автоунаа оңдоочу чоң устаканасы алдындагы 24 кв.м. муниципалдык жерди жылына болгону 4800 сом, айына 400 сомдон, 1 чарчы метрин жылына болгону 200 сомдон ижарага берет. Бирок, кримиңал С. Мамарзаев батыш тарабына эки контейнер коюп, факт жүзүндө 24 кв.м. жерден көп муниципалдык жер тилкени мыйзамсыз ээлеп алган. Чыгыш тарабындагы азык-тулук дүкөнү кимге тийиштуу, ал канча ижара акы төлөйт, Капаров элге маалымат бербей жатат. Ошондой эле, Ш.Капаров өзүнүн табакташы болгон кримиңал С. Мамарзаевке мамлекет эсебинен материалдык пайда алып келүү максатында ижара акысын арзан баалатып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Себеби, С. Мамарзаевдин автоунаа оңдоочу устаканасы Алай тоосунда же болбосо Нарын тоосунда жайгашкан эмес, ал устакана стратегиялык объект - Ош шаарынын автовокзалы, республикалык маанидеги стратегиялык жол, Мамлекеттик маанидеги эл аралык “Достук” бажы, чек ара пунктунун алдында жайгашкан, автомашина көп каттай турган жолдо жайгашкан. Ал устаканада көп автомашина оңдолуп,  күн сайын чоң акча түшөт. Ал жерде 24 кв.м. ижарага берүү базар баасы айына 400 сом эмес, 40 000 сом. Ошондой эле, автоустаканада онлайн касса жок, С.Мамарзаев ал жерди ижарага берген. Натыйжада киреше салыгы, салыктарды жана төлөмдөрүн мамлекттик бюджетке толук төлөбөй жатат.

3) С. Мамарзаев автоустаканасынын алдында жайгашкан тротуарды 24 кв.м. жерин ижарага алып, жалпы пайдалануудагы жер - тротуарды мыйзамсыз тосуп койгон. Автоустаканасы, ижарага алынган жер батыш тарабында жайгашкан эки контейнер автомашина көп каттай турган жолдун, эл көп жүргөн тротуардын боюнда жайгашкан, устакана алдына, тротуарга оңдолуучу көп автомашиналар жана эки контейнер коюп, натыйжада тротуардын бир чети тосулуп, эл коопсуздугун ойлобой, республикалык маанидеги стратегиялык жолдун кызыл сызыгын, тротуардын аянттын мыйзамсыз кичирейтип, градосовет мүчөлөрүн алдап, С.Мамарзаевке устакана алдына, тротуарга эки контейнер коюуга мыйзамсыз уруксат беришкен. Кара-Суу райондук Сотунун чечимиң аткарбаган Ш.Капаровдун, Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекция адиси Ш.Шарабидин уулунун, сот аткаруучунун (КР ЖК 167 бер.) шалаакылыгы, эл коопсуздугун ойлобогону, эл коопсуздугунан Мамарзаевдин материалдык байлыгын жогору коюшкандыгынын натыйжасында, ал жерде транспорт-авариялык абал, жарандар коопсуздугуна чоң коркунуч жаралган. Эгер ошол жерде автомашиналар кагылышып же болбосо кокус адам каза болуп калса, анын түз себепчилери Мамарзаев, Ш.Капаров, Ш.Шарабидин уулу, сот аткаруучу болушат.

4) Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында Ш.Капаров көзкарандысыз баалоочу менен алдын ала сүйлөшүп, Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан 150 кв.м. жерди базар баасынан 40 барабар мыйзамсыз өтө арзан баада атайын баалаткан (КР КЖК 235 бер.).

5) 2018 жылы Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ш.Сайфитдинов менен алдын ала сүйлөшүп, социалдык паспортторду жана документтерди жасалмалап, бюджеттик каражаттарды кыянаттык менен пайдаланып, максаттык багытын мыйзамсыз өзгөртүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджет эсебинен каралган материалдык акча каражаттарын мыйзамды одоно бузуп, социалдык абалы жакшы жана өзүнө жетишерлик эки жолу соттолгон кримиңал, жеке ишкер С.Мамарзаевке ажыратат. Жеке ишкер С.Мамарзаев Курманжан датка жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун боюнда жайгашкан өзүнүн жеке менчигинде автоунаа ондоочу чоң устаканасы бар. Ал устакана жайгашкан жердин базар баасы 300 миң доллар. Андан сырткары, С.Мамарзаевдин Жаңы-Турмуш айылынын Б.Осмонов көчөсүнда, Э.Рахманов көчөсүнда жана Сураташ айылында жайгашкан жеке менчигинде бардык шарттары бар, жакшы чоң үйлөрү, автомашиналары, башка мүлктөрү бар.

Кримиңал С.Мамарзаевдин кылмыштуу аракеттеринин курамында КР КЖК 207 бер. 1 бөл. Жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, КР КЖК 231 бер. 2 бөл. Бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү өзгөчө ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга жаткан мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, КР ЖЖК 167 бер. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүн, сот чечимиң же башка сот актысын белгиленген мөөнөттө аткарбоо кылмыштын белгилери бар.

Көзкарандысыз баалоочунун кылмыштуу аракеттеринин курамында КР КЖК 235 бер. 1 бөл. Эксперттердин же баалоочулардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын өз ишинин милдеттерине каршы жана өзү же башка адамдар үчүн пайда көздөө же артыкчылык алуу же башка адамдарга зыян келтирүү максатында кыянаттык менен пайдалануусу, эгерде бул атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе кылмыштын белгилери бар.

Шарабидин уулу Шадыбекдин, Кара-Суу райондук сот аткаруучусунун кылмыштуу аракеттеринин курамында КР КЖК 331 бер. 1 бөл. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген шалаакылык, башкача айтканда кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу кылмыштын белгилери бар.

Ш.Капаровдун жана кылмышка шериктеш Ш.Сайфитдиновдун КР КЖК 320 бер. 1,2,4 бөл. Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, өзү, же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган ошол эле жосун, жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, КР КЖК 329 бер. 1 бөл. Кызматтык жасалмачылык, башкача айтканда кызмат адамы, же болбосо мамлекеттик кызматчы, же кызмат адамы болуп саналбаган муниципалдык кызматчы тарабынан расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү, ошого тете расмий документке анын анык мазмунун бурмалаган оңдоолорду киргизүү, КР КЖК 331 бер. 1 бөл. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген шалаакылык, башкача айтканда кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу, КР КЖК 359 бер. 1,2 бөл. Даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документтин жасалмасы, башкача айтканда расмий документке, билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды, оңдоолорду киргизүү, билип туруп жалган расмий документти пайдалануу кылмыштардын белгилери бар.

ОПГ башчысы Ш.Капаровдун кылмыштуу аракеттеринин курамында КР КЖК 234 бер. 2 бөл. 1,2 п. Ачык тооруктарды, аукционду же тендерди өткөрүүнүн тартибин атайылап же этиятсыз бузуу, ошого тете мүлктүн менчик ээсине, тоорукту же аукционду уюштуруучуга, сатып алуучуга же башка чарбакер субъектке ири өлчөмдөгү зыян келтирген пайдасыз контрактты билип туруп түзүү, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган, КР КЖК 319 бер. 1,2,3 бөл. Коррупция - материалдык, кандай гана болбосун башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды берүү максатында бир же бир нече кызмат адамдарынын бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон айрым адамдар же топтор менен туруктуу укукка каршы байланыш түзүүдөн турган атайлаган жосундары, кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, өзү, же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган ошол эле жосун, жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, КР КЖК 321 бер. 1,3 бөл. Кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы, же анын макулдугу менен ал адамдын ыйгарым укуктарынын чегинен ачыктан ачык чыккан аракеттерди жасоо, жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, КР КЖК 322 бер. 1,2 бөл. 1,2 п. Кызмат адамы тарабынан мамлекет үчүн билип туруп пайдасыз контракт (келишим) түзүү, ошого тете мындай кызмат адамы тарабынан ири зыян келтирилген мамлекеттик сатып алуулар жүзөгө ашыруу, алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, өзгөчө ири залалды келтирүү менен кылмыштардын белгилери бар.

Жогоркулардын негизинде Сизден жогоруда аталган уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөтүүнүздү, жер тилкелерди мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча тапшырма берүүнузду суранабыз.

 

Коррупционердин курмандары                                             О.Д. Токторалиева,

                                                                                                Г.М. Мирзакаримова, 14 декабрь 2020 жыл

 

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз, себеби бизди бир нече жолу Ш.Капаров жана анын балдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил победителей городского конкурса в сфере культуры и искусства





Москва

Список самых популярных товаров нашего маркетплейса Bazosmarket


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Проект "Давай друЖИТЬ" помогает исполнять заветные мечты детей



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт группы "Пикник" состоится 1 июня в Москве




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025

Источник 360.ru: птенцов придавило тренажером во дворе дома в Москве

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним


Ролан Гаррос

Бывшая российская теннисистка спела гимн Франции: «Я здесь дома»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Экзамен для меня — всегда праздник, профессор!»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России