Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2021

Лукашенко каарын чачкан Протасевич деген ким?

0
Лукашенко каарын чачкан Протасевич деген ким?

Евробиримдик беларус бийлигин ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясынын учагын мажбурлап кондуруп, ичиндеги журналист Роман Протасевичти камакка алышын сынга алып, катаал санкциялар салынарын эскертти.

Авторитардык лидер Александр Лукашенконун башкы душмандарынын бирине айланган Роман Протасевич деген ким?

Былтыр ноябрда Беларуста бийлик  Роман Протасевичти "террористтердин" тизмесине кошуп, аны "калайман башалмандык уюштурууга, коомдук тартипти бузууга жана социалдык жек көрүүчүлүктү козутууга" күнөөлөгөн. Журналист бул дооматтарды четке кагып, саясий мүдөөсү бар экенин билдирген.

Ал мектепте окуп жүргөндө эле Александр Лукашенкого каршы акцияларга катышып жүрчү. Мындай позициясы үчүн ал эки жолу окуудан айдалган.

"Баары мен жайында каршылык акциясына баргандан башталды. Мына ошондо өлкөбүз баткакка батып калганын көрдүм. ОМОНдун беш килейген жигити бир бечара аялды сабап жатканына, баласы менен энесин автозакка күчтөп салганына,  адамдарга газ бүркүп таратып жатканына күбө болдум. Бул абдан жийиркеничтүү көрүнүш эле. Мына ошондон кийин баардыгы толугу менен өзгөрдү",-деп 16 жашында берген маегин "Дождь" телеканалы көрсөттү.

2018-жылы Протасевич досу Степан Путило экөө "Nexta" телеграм-каналын ачып, жаңылыктарды жарыялай баштайт. Роман каналдын башкы редактору болчу.

Каналга катталгандардын саны Беларуста 2020-жылдын жазында, бийликке каршы нааразылык акциялары күч алган сайын көбөйө баштаган.

Соңку президенттик шайлоодон кийин "Nexta" каналынын окурмандарынын саны бир нече күндүн ичинде 300 миңден 1,8 миллионго чейин жеткен.

Аталган канал Беларустагы демонстрациялардан эксклюзивдүү маалыматтарды таратып, коопсуздук күчтөрү акциянын катышуучуларын уруп-сабап, кармап жатканын көрсөтүп, Лукашенконун режиминин бетин ачкан видеолорду жарыялап турган.

Роман Протасевич "Настоящее время" телеканалына курган маегинде аларга маалыматтарды жарандардын өздөрү жиберип турарын айткан.

 

Беларус бийлиги каналды жаба албагандыктан, "Nexta" менен анын эн белгисин экстермисттик деп тапкан жана андагы маалыматтарды жайылтууга тыюу салган. Мындан улам канал аталышын өзгөртүп, ишмердүүлүгүн уланткан. Ал эми Протасевич болсо "террорчулардын" тизмесине киргизилген.

2020-жылдын күзүндө журналистке каршы саясий куугунтук башталганда ата-энесин Польшага алып чыгып кеткенин "Твиттерге" жазган.

 

Кийин өзү да Литванын борбор калаасы Вильнюска чыгып кеткен.

26 жаштагы Протасевич учурда "Беларус мозга" деген аталыштагы телеграм-каналдын башкы редактору. Анын 250 миңдей катталуучусу бар.

23-майда Беларус бийлиги учакты күчтөп кондурганда Роман менен кошо анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы да кармап кетишкен. Учурда София Минскидеги элде "Окрестина" деген ат менен таанымал убактылуу кармоочу жайында экенин апасы "Би-би-сиге" кабарлады.

Орусиянын жараны София Сапега Вильнюстагы Европа гуманитардык университетинин магистранты экени маалым болду. Ага кандай айып коюлганы азырынча белгисиз.

Былтыр августта өткөн президенттик шайлоодо Лукашенконун жеңгени жарыяланган. Оппозиция жана анын тарапташтары, ошондой эле Батыш мамлекеттери добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып, аны таануудан баш тартышкан.

Түмөндөгөн адамдар көчөгө чыгып Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылышкан. Күч түзүмдөрү отуз миңдей адамды кармап, кыйноого алып, сабаган. Бир катар оппозиция өкүлдөрү, журналисттер куугунтукка алынышкан.

Дмитирий Протасевич: "Биз Роман тараптабыз"

Роман Протасевичтин атасы Дмитрий "Азаттыктын" беларус кызматына курган маегинде окуяны "атайын кызматтардын атайын уюштурулган акциясы" деп атап, аны террордук актка салыштырды. Протасевичтин жакындары бир нече айдан бери чет жакта жашайт. Журналисттин атасын "Азаттыктын" беларус кызматы кепке тартты.

-Уулуңуздун кармалганы тууралуу маалыматты алгач кайдан уктуңуз?

-Биз телеграм-каналдардан билдик. Алгач учак Минскиге конууга аргасыз болгонун окудук. Уулубуз эс алуудан Вильнюска кайтарын билчүбүз. Ата-эненин жүрөгүн алдоо мүмкүн эмес да, дароо бир нерсени сездик. Анан эле уулумдун кармалганы тууралуу маалымат чыкты. Балам эмгек өргүүсүндө болчу, буга чейин күнүнө бир маал сүйлөшүп жатканбыз. Бирок дал ошол күнү учарын билген эмеспиз. Ал бизге баарын айта берчү эмес. Балким ал кайда экенин көптөр билишин каалаган эместир.

-Анын кесиптештери Роман менен учардын алдында жазышкан каттарын жарыялашты. Ал жерде Роман артынан бирөөлөр аңдып жатканын айткан экен. Бул тууралуу сизге бир нерсе айтты беле?

-Акыркы жолу биз ишембиде сүйлөшкөнбүз. Ал эс алуу тууралуу, күнгө күйүп калганы тууралуу айткан. Жекшембиде биз байланышканга аракет кылдык. Бирок сүйлөшө алган жокпуз.

-Сиз аскер кызматкери экенсиз. Жарандык учакты кондуруш үчүн истребилдерди тартканга чейин барууну элестете аласызбы?

-Европанын чок ортосунда, 21-кылымда ушундай окуя болуп жатканы акылыма сыйбайт. Мурдагы аскер катары айтарым, бул бир күн эмес, жумалап уюштурулган атайын операция. Беларустун атайын кызматтары эмес, башкалар да тартылган дыкат даярдалган операция экенин бөркүмдөй көрөм. Эл аралык коомчулуктун пикирине кулак салбай, эл аралык кызматашуунун бардык эрежелерин бузуу менен өткөрүлгөн операция. Маалымат каражаттарынын көпчүлүгү окуяны террордук акт деп атап жатышат. Мен буга толугу менен кошулам. Теракт болгону менен эмес, өзүнүн кесепти менен кооптуу. Бул теракттан дагы жаман. Биз уулубуз үчүн сарсанаа болуп жатабыз. Ал азыр кайда экенин, эмне болуп жатканын билбейбиз. Жакшылыкка үмүт арталы.

-Силер азыр Беларуста эмессиңерби?

-Жок, Беларуста эмеспиз. Ал жакта калууга мүмкүн эмес. Биз сегиз айдан бери чет жактабыз.

-Бул уулуңуздун ишмердүүлүгүнө байланыштуубу?

-Ооба, албетте. Биз уулубуздун ишмердүүлүгүнөн улам саясий куугунтуктоодон кооптондук. Мен чет жакка чыгып кеткенден кийин наамдарымдан ажыратышты. Мамлекетти ички жана тышкы коркунучтардан бир нече жыл коргоп келген аскерлерге, офицерлерге мындай мамилее жасоо - бул агония.

-Сиз уулуңуздун иш-аракеттерин ар дайым колдой берчү эмессиз. Бул тууралуу Роман өзү да айткан эле. Оюңуз качан, эмне болуп өзгөрдү?

– Биз аны ата-энеси катары ар дайым колдоп келгенбиз. Ооба, мен анын айрым көз караштарын туура көрчү эмесмин. Чынын айтайын, мен аны менен ашканада сүйлөшүп "Эмне кылсаң дагы биле жүр-мен сенин ишмердүүлүгүңдү жактырбашым мүмкүн, бирок сени ар дайым кабыл алам, Бул сенин тандооң, сен аны өзүң тандадың жана биз сени ар дайым колдойбуз" деп айткам. Эртеби-кечпи Романдыкы туура экенин жашоо өзү көрсөттү.

Ошондой эле 90-жылдарда Беларустун башында бир адам турса өлкөнү кандай тагдыр күтөрүн айткан саясатчылардыкы да чын чыкты. Өлкөнүн эркиндиги жана эгемендиги үчүн күрөшкөн адамдардыкы туура болуп чыкты. Ошондуктан биз албетте азыр толугу менен Роман тараптабыз.

-«Пул первого» телеграм-каналы Лукашенко учакты Минскиге чейин коштоп баруусу үчүн истребилдерди жөнөтүүгө өзү буйрук бергенин жазышты. Уулуңуз Лукашенко үчүн эмнеге ушунчалык кооптуу?

-Азыркы бийлик көз карандысыз журналисттерден, сөз эркиндигинен, анын кайсы бир аракеттери дүйнө коомуна белгилүү болуп калышынан коркот. Бийликтегилер мурунку кылымдагыдай, Советтер Союзу маалындагыдай ойлонушат.

Эгер журналисттердин оозун жаап, баарын түрмөгө камап, маалымат каражаттарын көзөмөлгө алса эле коомдун пикирин эске албай, жаман иштер менен алектене берсе болот деп ойлошот. Роман алар үчүн символикалык эле фигура. Алар эми операциянын ийгиликтүү өткөнүн майрамдап жатышса керек. Бийлик үчүн бул баары колдон келерин айгинелеген жакшы ишарат. Алар ошол эле маалда эл аралык коомчулукка кандай ыкмаларды колдонуп жатканын көрсөтүп жатышканын унутуп калгандай. Алар адамкерчиликсиз ыкмаларды колдонуп жатышат. Бул абдан кейиштүү.





Губернаторы России
Москва

Мэр Собянин: в Москве стартовали испытания первого в РФ беспилотного трамвая





Москва

Творческие способы использования мозаики из стекла в садовом дизайне


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В ТиНАО в программу реновации включили 268 домов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Ольга Туркина

Появился трейлер исторического детектива «Плевако» с Сергеем Безруковым в роли легендарного российского адвоката




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпустили серию автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге назвала главные стимулы россиян для систематических занятий физкультурой и спортом


Камилла Рахимова

Рахимова вышла в полуфинал турнира в Рабате



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


РПЛ

Проводы Джикии, дубль Сулейманова и парады голов в Нижнем Новгороде и Екатеринбурге: чем запомнился 29-й тур РПЛ



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России