Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2021

Коронавирус: Этибарга алынбаган эрежелер

0
Коронавирус: Этибарга алынбаган эрежелер

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын расмий саны 100 миңден ашып, илдеттен көз жумгандардын саны 24-майга карата 1757 кишиге жетти. Илдет күн сайын 6-7 кишинин өмүрүн алып, күнүнө 200гө жакын киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталууда.

Адистер коомдук жайларда беткап тагынууга жана башка санитардык эрежелерди сактоого дээрлик көңүл бурулбай жатканына кабатыр.

ПЧР-тест тапшыргандар аз

Бишкектеги Оорулардын алдын алуу борборуна (сүрөттө) жарандар ПЧР-тест тапшырыш үчүн кайрылышат.

ПЧР-тесттин баасы 1574 сом.

Коронавируска тест тапшыргандардын көпчүлүгү Орусияга же Казакстанга сапарга жөнөгөн жарандар.

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алганы аныкталгандардын көбү ооруп, ооруканага кайрылганда же чет жакка чыгыш үчүн ПЧР-тест тапшырганда гана аныкталат. Өз каалоосу менен лабораторияга келип ПЧР-тест тапшыргандар жокко эсе.

"Орусияга машина айдап барам. Чек арадан өтүш үчүн ПЧР-тест керек. Ошон үчүн коронавируска тест тапшырыш үчүн бул жерге келдим. Майдын башында эле тест тапшырып, Москвага барып келдим. Азыркы тапшырган тест да таза чыкса эле түндөп жолго чыгам. ПЧР-тесттин жыйынтыгы 78 саатка эле жарайт да", - деди атын атагысы келбеген айдоочу.

ПЧР-тесттин жыйынтыгы 7-8 саатта даяр болот.

Акыркы эки айда Кыргызстанда коронавирус күнүнө 200дөн 400гө чейин адамга жугуп, бейтаптардын арасынан күн сайын 5-7 киши кайтыш болууда. Буга коомдук жайларда санитардык талаптар аткарылбай жатканы себеп болууда.

Беткап тагынгандар аз

Бишкекте автобуста, троллейбуста, коомдук жайларда коронавируска каршы талаптар жазылган. Бирок ага баш ийгендер азыраак.

Пандемия башталгандан бери инфекцияны 102 702​ адам жугузуп алды. Жалпы айыгып чыккандардын саны 96 119 миңге чамалады.

Учурда 1571 киши ооруканада дарыланып жатат. Алардын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор, 411 адамдыкы оор экени кабарланды.

Вакцина алгандар да аз

Вакцина алуу жагынан да Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу артта. Кыргызстанда Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Өлкөгө Кытайдан 75 миң, Орусиядан 20 миң доза вакцина келген.

Орусиянын "Спутник V" вакцинасы 65 жаштан улуу жана өнөкөт оорусу барларга сайылып жатат.

 

Вируска каршы күрөшкөн республикалык штабдын 24-майдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпы эмделгендердин саны 72 173 киши болду.

Алардын 22 876сы вакцинанын эки дозасын тең алышты. Бишкек шаары эмделгендердин саны боюнча биринчи орунда туруп, 18 662 кишиге вакцина сайылса, экинчи орунда Ош облусу 10 371 адам менен турат.

Июнь айында COVAX программасынын алкагында "Asrta Zeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы келери күтүлүүдө.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте айрым маданий мекемелер карантинге алынып, эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салынган. Баш калаада мектептер, бала бакчалар жарым-жартылай жабык.

2019-жылдын аягында Кытайда аныкталган COVID-19 вирусу эки жүздөй мамлекетке жайылып, 163 миллионго жакын адамга жукту жана үч жарым миллиондой кишинин өмүрүн алды.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников





Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о компенсации части затрат на путевки в оздоровительные лагеря в рамках нацпроекта «Семья»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин анонсировал самый продолжительный городской фестиваль в мире



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

«Подкупает, что Баста не умничает и не лезет в футбольную работу» — тренер «СКА‑Ростова» Попов




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве

Чья компания сильнее всех?


ATP

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Астрологи составили любовный гороскоп на лето 2024 года



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России