Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Дубанаев: Аксы окуясын болтурбай коет белем...

0
Дубанаев: Аксы окуясын болтурбай коет белем...

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүндө милициянын генералы, “легендарлуу парламенттин” депутаты Садырбек Дубанаев милицияда иштеп калышынын себеби, кантип гербдин автору болгону, кантип генерал чинин алганы, өзүнө козголгон кылмыш иши, чек арачылардын көйгөйү, бийлик менен кылмыштуу топтордун байланышы тууралууу бир топ суроолорго жооп берди. 

- Садырбек мырза, совет заманында райондун, облустун жетекчилери ошол деңгээлдеги милициянын начальниктери аркылуу өзүнө жакпаган кызматкерлерди куугунтукка алып же каматып койгонго чейин барышкан, сиздин практикада ошондой учурлар болгонбу?

- Мен совет заманында Арстанбек Дүйшеев, Апсамат Масалиев, Жумгалбек Аманбаев, Христенко, кийин Насирдин Исанович менен иштештим.

Ошолордун биринин да “Жолдош Дубанаев баланчаны текшер же кама” деген сөзүн уккан эмесмин. Тескерисинче, милиция коомдук, чарбалык иштерди бүтүрүүгө көп тартылчу. Бир жолу Апсамат Масалиевичтин тапшырмасы менен талаада жыйналып, бирок ташылбай жаткан ондогон тонна жашылча-жемишти Балыкчыга жеткирүүгө жардам бергенибиз эсимде.

- Кыргыз саясатында “Садырбек Дубанаев” деген ысым ал Кыргызстандын гербинин автору болгондон кийин пайда болду. "Сүрөтчүгө жабышып алып эле автор болуп алган" дегендер да бар. Гербге кантип автор болуп калгансыз?

- Кичинемде мекетепте окуп жүргөндө дубал гезиттерге сүрөт тартып жүрдүм, фото ишине да кызыгуум бар болчу. Өзүм милицияда эксперт-криминалист катары фото иштери менен көп алектенчүмүн. Фотороботторду, жаратылыштын кооз жерлерин да тарта койгонду жакшы көрчүмүн.

«Легендарлуу парламентте» депутат болуп жүргөндө Кыргызстандын гербине конкурс болуп калды. Мен анда Нарын облустук милициясында начальник элем. Сессиядан кийин ишиме барып эле Асеин Абдраев деген сүрөтчүнү чакыртып, конкурска катышалы деп сунуш кылдым. «Борбордо кандай гана чоң сүрөтчүлөр бар, алардан суурулуп чыгыш кыйын го» деп тартынып туруп калды. «Көйнөгүбүздү чечип калмак беле, кел катышалы» деп сүрөдүм. Анткени мурда экөөбүз Ички иштер министрлигинин эмблемасын тартуу боюнча конкурска катышып, экинчи орунду алганбыз, демек тажрыйба бар.

Ошентип гербди тартууга кириштик. Биринчи эле келген идея: "гербдеги башкы фигура бүркүт болсун" деп кеңештик, тартып салып жибердик. Ошондо Гапар Айтиев атындагы музейде сынак болуп, 1200дөн ашык эскиз илинди. Ар ким өз ойлорун жазып коюшчу. Биздин эскизге көп сунуш-пикирлер түшкөн. Ошолорду чогултуп алып, Асеинге алып барып, элдин каалоосун эске алалы деп дагы кошумчаладык.

- Гербдеги негизги идеяларды сиз берген экенсиз да?

- Негизи ошондой болду. Идеяларды Асеин мыкты ишке ашырып жатты.

- Сиздин милициянын генерал-майору деген чин алганыңызды да "гербдин автору болгону үчүн берген" дегендер бар…

- Мен Нарында облустук милициянын жетекчиси болгонго чейин бардык тепкичтерди басып өтүп, 27 жыл кызмат кылгам. Нарындын милициясын башкарган Токтожума Жээналиев, Бекмолдо Эшимов убагында генерал болушкан. Менин да ишим жаман болгон жок, бааланды деп ойлойм.

Гербдин автору болуп калгандан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары Дубанаевге генерал чинин берүү тууралуу президентке сунуш берди.

1994-жылы мамлекет башчынын жарлыгы менен генерал чинин алгам. Асеин Абдраевге «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген жогорку наам берилди. Эгер Нарында иштеп жүргөндө албасам, Жалал-Абадда облустук ИИБди башкарганда, кийин министрдин орун басары болуп жүргөндө деле алмакмын. 

- 2002-жылы ИИМдин коллегиясы сизди Аксы окуясына байланыштуу ИИМдин биринчи орун басары кызматынан бошотулсун деп чечим чыгарды, ал окуяга кандай тиешеңиз бар эле?

- Аксы окуясы болгон убакта мен ИИМдин биринчи орун басары болуп иштеп жаткам. Министрибиз финансы министринен келген Темирбек Акматалиев эле. «Эгер мен Жалал-Абадда иштеп турганда Аксы окуясын болтурбай коюуга аракет кылат элем, эл менен чогуу болуп, ошол жакта жатып алат элем, эч кандай курал-жарак алып барбайт элем» деп ойлоп калам. Эң кызыгы, Бишкекте өткөн коллегияда «Аксы окуясын болтурбай коюуга чара көргөн эмес» деп кызматтан алып жатканда Таш-Көмүрдө толкуган элди тынчытып, иштеп жүргөм.

- Аксынын Бозпиек айылына милицияга курал-жарак алып барууга ким буйрук бергенин азыр айта аласызбы?

- Аксы окуясы боюнча жылдап тергөөлөр болду. «Жаңы жагдайлар ачылды» деп иштерди кайрадан карашты. Ошолорго таянып айтсак, республикадан же облустан органдардан "курал алып баргыла" деп эч ким буйрук берген эмес, бир да жерде тастыкталган жок. Куралдарды райондук ички иштер бөлүмүнөн алып барышкан. Эл милицияны ташбараңга алганда мылтык атылып кеткен…





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил победителей городского конкурса в сфере культуры и искусства





Москва

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Проект "Давай друЖИТЬ" помогает исполнять заветные мечты детей



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Концерты оркестра Бутмана посмотрели более 50 миллионов китайцев




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Дептранс Москвы раскрыл детали инцидента на станции метро "Спортивная"

Фильм «Мой любимый чемпион» показали в павильоне «Роснефти» на ВДНХ в Москве

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025


Ролан Гаррос

Медведев пошутил о том, что часто проводит ночные матчи на турнирах «Большого шлема»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Международный день защиты детей: дети с ревматическими болезнями



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России