Непалда кулаган учактагы төрт адамдын дайыны чыкпай жатат
Непалда 15-январдагы авиакырсыкта бери дегенде 68 киши набыт кеткени, дагы төрт адамдын дайыны чыкпай жатканы расмий кабарланды. Издөө иштери 16-январда да уланды.
Непалдын жарандык авиация башкармалыгы кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз экенин билдирди.
Жекшемби күнү Покхара курорттук шаарындагы жаңы ачылган аэропортко 72 киши менен бараткан учак конуп жатканда капчыгайга кулаган.
Yeti Airlines компаниясына таандык эки моторлуу учагындагы жүргүнчүлөрдүн 15и чет элдиктер, төртөө экипаж мүчөсү болгон.