Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Медиа уюмдар "Азаттыкка" каршы доо арызды чакыртып алууну талап кылды

0
Медиа уюмдар

Кыргызстандагы 25тен ашуун медиа уюм, жалпыга маалымдоо каражаты жана журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин “Азаттыкка” каршы доо арызын соттон чакыртып алууну талап кылды. 24-январда жарыяланган билдирүүсүндө алар министрлик ушу тапта “Азаттык Медианын” доо арызы боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүдө жоопкер экенин, бирок ал соттун чечими чыга электе эле “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотууну суранып сотко кайрылып жатканы мыйзамга каршы келерин белгилешти.

Билдирүүдө “Азаттык Медианын” ишин токтотууга негиз катары коюлуп жаткан “согушту, зомбулукту, кастыкты үгүттөө” деген мүнөздөгү жүйө өтө олуттуу айып экени, андай кине кастык атайылап, системалуу түрдө жайылтылып жаткан учурда гана орундуу болору, ал эми редакция андай кылбаганы, болгону кеп болуп жаткан видео материалында эки өлкөнүн мамлекеттик расмий органдарынын маалыматын гана бергени белгиленди.

“Сот ЖМК ишин эгер ал коом үчүн кооптуу кесепеттерге алып келе турган мыйзам бузуучулукка системалуу түрдө жана карасанатайлык менен барып жаткан болсо, ошонун документалдык далилдери бар болсо токтото алат. Министрликтин доо аразы негизсиз. Себеби анда “Азаттык Медиа” мыйзамды системалуу түрдө бузганы тууралуу реалдуу фактылар жана негиздер келтирилген эмес. “Азаттык Медианын” жабылышы сөз эркиндигинин жана ЖМК плюрализминин чектелишин гана жаратпастан, жарандардын маалымат алуу укугунун чектелишине алып келет”,- деп айтылат билдирүүдө.

23-январда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосуна байланыштуу соңку жагдайга комментарий берип, "Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса дагы бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз", - деди.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеп жатат.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Анын арызы 9-февралда каралат. Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. "Азаттык Медиа" мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.

Сайтты жабуудан тышкары былтыркы жылдын 31-октябрында радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. "Биринчи радио" техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет. Соңку жолу 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошту. Алар "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

Буга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.

Ага чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. (RK)





Губернаторы России
Москва

Собянин: Москва и Пекин подписали программу сотрудничества на 2024-2026 годы





Москва

Московский аэропорт Домодедово и Всероссийское общество инвалидов заключили соглашение о сотрудничестве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о росте турпотока из Китая



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Вольфганг Амадей Моцарт

«Моцарт vs Шопен» от Amadeus Concerts




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Резидент «Инсайт Люди» Дмитрий Зубов установил мировой рекорд по чеканке мяча

Красногорск первым встретил участников международного супермарафона Москва-Минск

В Лужниках состоялась церемония открытия Всероссийской Спартакиады Специальной Олимпиады


Анастасия Мыскина

Овечкин, Яковлев, Фридзон и Мыскина сыграли в падел-теннис в Турции: «Победила дружба»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Группы Шойгу и Белоусова обмениваются «пленными»: что стоит за арестом «татарстанского птенца» Уразова?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России