Спорт: күрөштөгү жаңы ысымдар
Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. 21-январда башталган мелдеште алгач грек-рим күрөшүнөн чемпиондор белгилүү болду. Бул чемпионат кыргыз спортуна жаңы ысымдарды таанытты.
Жаңы чемпиондор
Грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилигине өлкө аймагынан 178 балбан катышты. Чемпионаттын биринчи күнүндө беш салмакта финалдык таймаштар өттү. Эң жеңил 55 килограммга чейинки салмакта Сардарбек Конушбаев чемпион болду.
Кыргызстандын ички чемпионатына атактуу балбандар, дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков катышкан жок. Бирок экөөнүн тең бир туугандары мелдешке чыгып, Акжолдун агасы Сыймык Махмудов 63 килограмм салмакта күрөшүп, биринчи жолу жеңишке жетти.
Сыймык чемпионатка жети жылдан бери катышып, алгачкы жолу чемпион болду. Акжол агасынын жеңишине сүйүнүп көзүнө жаш алды.
Акжол Махмудовдун дагы бир агасы Бексултан да грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси. Сыймыкты Бексултан мелдешке даярдаган.
Ал эми Жоламандын агасы Тынар Шаршенбеков 67 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, финалда жаш балбан Раззак Бейшекеевге жеңилип калып, күмүш медал утту. Грек-рим күрөшүнөн эң мыкты таймаш ушул эки балбандын ортосунда болду.
Раззак Бейшекеев 18 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында дүйнө чемпиону.
60 килограммга чейинки салмакта мурдагы жылдары Каныбек Жолчубеков, Калы Сулайманов, Жоламан Шаршенбеков таймашып келген. Быйыл Каныбек Жолчубеков карьерасын жыйынтыктап, Жоламан Шаршенбеков башка мелдешке даярданып жаткандыктан катышкан жок.
Ал эми Калы Сулайманов чемпионаттын жарым финалында жеңилип калды. Финалда бул салмакта Акыл Сулайманов менен Нурмухаммет Абдулаев күрөшүп, жыйынтыгында Нурмухаммет чемпион болду. Былтыр бул салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медалды уткан эле.
87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков менен Азат Салидинов кайрадан финалда күрөштү. Былтыркы чемпионаттын финалында да экөө кез келишкен эле. Бул ирет Азаттын Атабекке күчү жеткен жок. Ушуну менен Атабек Азисбеков онунчу ирет өлкө чемпиону болду.
77 килограмм салмакта Ырысбек Максатбек уулу Эрлан Марс уулунун утуп чемпион болсо, 130 кило салмакта финалга чыккан Мияс Марков жаракатына байланыштуу Роман Кимге мөөнөтүнөн мурда жеңилип берди.
Эркин күрөш
23-24-январда эркин күрөштөн өлкө чемпионаты өттү. Мында да 10 салмакта чемпиондор аныкталды.
"Бул чемпионаттын жыйынтыгы менен Азия чемпионатына катыша турган балбандар тандалат. Быйыл жаш балбандар абдан көп. Көчүлүгүн эл тааныбайт. Бирок күтүүсүз жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Бул күрөштө атаандаштык пайда болгонун көрсөтөт", - деди Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов.
Эркин күрөш боюнча мелдештерге быйыл 265 балбан катышты. Биз мелдештеги кызыктуу беттештерге токтолдук.
79 килограмм салмакта финалга чыккан айтылуу балбан Атай Изабеков Адилет Маратбаевге 2:0 эсебинде жеңилди.
61 килограмм салмакта финалда Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков менен жаш балбан Тайыр Жумашбек уулу күрөштү. Балбандардын тиреши бирде айгышкан кармаш менен, бирде жай өтүп, Тайыр упай алып алдыга чыкты.
Улукбек Жолдошбеков акыркы секундаларда атаандашын чалып алганга аракет кылганы менен майнап чыккан жок. Тайыр Жумашбек уулу быйыл биринчи жолу чоңдор арасында өлкө чемпиону болду.
Андан сырткары Алмаз Сманбеков (57 кг.), Алибек Осмонов (65 кг.), Орозбек Токтомамбетов (70 кг.) Исламбек Орозбеков (74 кг.), Нуртилек Карыпбеков (86 кг.), Мирлан Чыныбеков (92 кг.), Арсланбек Турдубаев (97 кг.) жана Музафар Жапуев чемпион болушту.
"Эркин күрөштө жылдан жылга жаш балбандар чыгып, атаандаштык күчөдү. Азыр муун алмашуу жүрүп жатат. Бул процесс спортто дайыма токтобой жүрүп турушу керек. Ошондо гана өнүгүү болот. Бүгүн албетте, мыкты күрөшкөн балбандарды көрдүм. Буюрса аларды биз улуттук курамага чакырабыз", - деди Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов.