Кыргыз-өзбек бизнес форуму: 168 млн. долларлык 11 документке кол коюлду
Бишкекте 26-январда Өзекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки күндүк мамлекеттик сапарын утурлай уюштурулган кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында 11 документке кол коюлду.
Алар:
Эки мамлекеттин айыл чарба министрлеринин агроөнөр жай жаатында кызматташуусунун жол картасы;
Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүү жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;
Нарында терини кайра иштетүү жана картошка өндүрүү боюнча агрокластер уюштуруу жөнүндөгү макулдашуу;
Мал чарбасы жана картошка өндүрүү боюнча агрокластер түзүү тууралуу макулдашуу;
"Кыргызстанда карбид жана кальций өндүрүү боюнча комплекс куруу боюнча макулдашуу;
Кыргызстандан Өзбекстанга жүгөрү данын жөнөтүү тууралуу макулдашуу;
Кыргызстанда электр энергиясын эсептеген жабдууларды куроону уюштуруу боюнча кызматташуу меморандуму;
Базальт таштарын өндүргөн завод тууралуу меморандум;
Өзбек компаниялары өндүргөн азык-түлүктү Кыргызстанда сатуу жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;
Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба өнүмүн ташуу тууралуу келишим.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул форумда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу 21% өскөнүн, 2022-жылдын 11 айында 543 миллион доллардан ашканын билдирген.
Мирзиёевдин 26-27-январдагы Бишкек сапарынын алкагында эки өлкөнүн башчылары өз ара алака-катышты талкуулап, чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлары айтылган.