Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Шаардык сот: “Азаттыктын" УКМКга карата жазган арызын кароо 2-февралга жылды

0
Шаардык сот: “Азаттыктын

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаардык сотунда “Азаттык Медианын” Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) аракетине байланыштуу райондук сот чыгарган чечим боюнча апелляциялык арызын кароо башталды. Сот жараянында "Азаттыктын” адвокаттары медиа мекеменин банктагы эсебин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш иши тууралуу маалымат алуу үчүн материалдарды тергеген Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековду отурумга алып келүү өтүнүчүн келтирди.

Адвокат Тимур Султановдун айтымында, Финансылык чалгын кызматы УКМКдан келген катка таянып, "Азаттыктын" эсебин бөгөт коюу чечимин чыгарган. Анда кайсы бир кылмыш иши бар экенин айтып, бирок ал иштин "Азаттыкка" кандай тиешеси бар экенин көрсөтүлгөн эмес.

"Бизди караңгы бөлмөгө камап эле жол тапкыла дегендей кылып жатышат. Анткени "Азаттыктын" эсебин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш иши эмне, анын "Азаттыкка" эмне тиешеси бар, юридикалык статусу кандай экени белгисиз. Ошондуктан, учурда сөз болуп жаткан ишти тергеп жаткан ИИМдин тергөөчүлөрү келип, маалымат бериши керек", - деди адвокат.

Соттук коллегия "Азаттыктын" адвокаттарынын өтүнүчүн канаттандырып, тергөөчүнү алып келүү милдетин прокуратурага жүктөдү. Кийинки сот жараяны 2-февралга, саат 13:30га белгиленди.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-декабрда "Азаттык Медианын" УКМКнын аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Арызда коопсуздук комитетинин Финчалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын жиберген ал кайрылуусу "Азаттык Медианын" банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

Биринчи Май райондук сотундагы соттук процесс маалында ишти караган судья Туратбек Бекенов адвокаттар келтирген бир нече өтүнүчтү четке кагып, жыйынтыгында негизги арызды да канаттандыруусуз калтырган. Буга байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз берилген. 

Райондук соттун чечимин улай “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү таратты.

“Райондук соттун “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун ар бир өтүнүчүн четке каккан бүгүнкү чечими мыйзам үстөмдүгүнө негизделгендей көрүнбөйт, бирок эркин медианы сыйлабагандыкка жатат. “Эркин Европа / Азаттык радиосу өкмөттүн биздин ишмердикке болгон туруктуу чабуулдарына жооп катары мүмкүн болгон бардык мыйзамдык чараларды караштырууну улантат”, - деген.

31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында киргизилгенин маалымдаган.

Бирок тиешелүү органдар ал иштин “Азаттык Медиага” кандай байланышы бар экени жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бербей келет.

"Азаттык Медиа" банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилеп келет.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирген жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул арыз боюнча сот отуруму бүгүн, 26-январда башталып, кийинки соттук отурум 17-февралга белгиленди.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Бул арыз 9-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.





Губернаторы России
Москва

Собянин проверил, как продвигается капремонт детской поликлиники №125





Москва

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: На ВДНХ открылась экспозиция об истории цифровизации Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Россия, Культура, Театр и Дети - о ПДД детям показали артисты постановку в театре кукол Ульгэр в Бурятии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Спартак" обыграл "Рубин" со счетом 3:1

Работники АО "ДиМ" приняли участие во всероссийском полумарафоне

Прощание «Спартака» с Джикией, «Зенит» в гонке за чемпионство. Итоги игрового дня РПЛ


WTA

Соболенко проиграла Свентек в финале турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о допфинансировании на модернизацию и строительство школ в регионах



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России