Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2023

Жаңы мыйзам күчүндө: кайра экзамен, айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу

0
Жаңы мыйзам күчүндө: кайра экзамен, айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу

8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу, кайра экзамен тапшыруу жана айрым айып пулдардын суммасын 15 миң сомго чейин көтөргөн мыйзам күчүнө кирди.

Айрымдар жаңы эрежелер жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин арасында коррупцияны ого бетер күчөтөрүн айтып чыкты. ИИМ коррупцияга жол берилбейт деп ишендирүүдө.

"Кайталап бузсаңыз, сынак тапшырасыз"

Жаңы эреже боюнча мас айдоочу – айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгерде экинчи жолу алкоголдук ичимдик ичип кармалса - 3 жылга машине айдоо укугунан ажырайт. Мурда мас айдоочу 17,5 миң сом айып пул төлөчү.

Бир катар айып пулдардын суммасы жогорулады. Көрсөтүлгөн нормадан саатына 40-60 чакырымга катуу айдаса  - 7 500 сом, 60тан ашырса  - 15 000 сом айып пул салынат.

Мисалы: жол белги 60 деген жерде 100 менен айдасаңыз -  7500 сом (мурда 5500 сом), ал эми 120дан ашыра айдасаңыз  - 15 000 сом (мурда 7500) айып пул төлөйсүз.

Каршы тилке менен жүрүү 15 миң сом айып (мурда 5 500 сом);

Автоунаа бейбаштыгы үчүн 15 миң сом төлөйт. (мурда 7 500 сом);

Жол чырактын кызы түсүнөн өтүп кеткендерге же тротуар менен айдаса 5500 сом айып төлөйт (мурда 3000сом эле);

Жасалам номер менен жүргөн машинеге 20 миң сом айып пул, бул эрежени кайталап бузса бир жылга айдоочулук күбөлүгү алынат;

Үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Алар:

Номурун атайын жаап алгандар, бир жагына такпай койгондор;

Милициянын машинени токтотуу талабын аткарбагандар;

Жарык берүүчү жана сирена менен бара жаткан кызматтык унааларга жол бербегендер;

Каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандар;

Жол эрежесин бузуу менен айдам ден-соолугуна зыян келтиргендер (эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо);

Машинесин мас абалындагы же рулга отурууга укугу жок адамга бергендер.

Баса, мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрүүгө укугу болсо, эми 3000 сомдон ашып кетсе айып унаа короосуна токтотулат.

"МАИдеги коррупция гүлдөйбү?"

Жол эрежесин бузгандар үчүн каттаалдашкан жаңы эрежелер коомчулукта кызуу талкууланууда. Марат аттуу айдоочу айып пулдар өлкөдөгү айлык акыга жараша болушу шарт деп эсептегендердин бири:

"Эми 15 миң сомдук айып пулду кандай төлөйбүз? Айлыгым 20 миң сом. Адам жаңылышып эреже бузат, айлыкка жараша айып төлөсөк болмок. 15 миң сом төлөгөндөн көрө 5 миң сомду МАИге берсең кое берет. Жол кырсыгы азайбайт", - деди ал.

Бирок жол эрежелери үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү колдогондор дагы аз эмес. Алардын бири көп жылдардан бери айдоочумун деген Аманбай өкмөттүн кадамын колдойт:

"Жол кырсыктары эмнеден болуп жатат? Масы, соосу деле катуу айдашат. Канча киши өлдү. Одоно эреже бузгандардын күбөлүгүн түбөлүк алып салса болмок. Бул эми аргасыз чара экенин түшүнүшүбүз керек".

Автожолдордогу маи кызматкерлеринин мыйзам бузган учурларын ашкерелеген активист Эртай Искаков айып пулдарды көбөйтүү аркылуу жол кырсыктарын азайтуу мүмкүн эмес деген пикирде. Активист жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жол коопсуздугун камсыз кылган тармакты комплекстүү реформа кылышы керек дейт.

"Азыр жол кырсыктары үчүн бир дагы жол коопсуздугун камсыз кылган инспектор жооп берген жок. Алар жашынып алып эле машине тосконду билишет. Акча алган кызматкер камалып, ар бири өз аймагындагы кырсыктар үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек. Айып пулду көбөйткөндөн натыйжа чыкпайт".

Ичик иштер министрлиги коррупцияга жол берилбей турганын айтып, ишти мекеменин өздүк коопсуздук кызматы, прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, жарандык коом өкүлдөрү көзөмөлдөп турат деп айтып келет.

Президент Жапаровдун пикири

Президент Садыр Жапаров дагы бул боюнча “Кабар” маалымат агентигине кенен комментарий берип, муну жол кырсыктарын азайтуу чарасы деди. Жапаров жыл сайын жол кырсыктарынын каза тапкандардын статистикасын келтирген. Ага ылайык, жыл сайын 800 дөй киши өлүп, 10 миңдей майып болуп калат.

“Мен акыркы үч жылдын статистикасын эле мисал келтирдим. Канчалаган үй-бүлөлөр ондогон жылдардан бери жакындарын жоготуп зарлап олтуруп калышты. Ошондуктан "үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат" дегенди толук колдошубуз керек. Эгер жол эрежесин мыкты билсең, дароо тапшырып чыгып кетесиң. Билбесең – үйрөнөсүң. Күбөлүктү сатып алгандар ошентип оңолот. Анын эмнеси жаман. Мындан сырткары, айрым байлардын балдары ылдамдык 100 деп көрсөтүп турган жерден 240 менен айдап келгенин көрүп жатабыз”, - деди Жапаров.

Президент жол эрежелерине айып пулдардын суммасын көтөрүү казынаны толтуруу жолу эмес экенин белгиледи.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун билдирген. 

Маалымат боюнча, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.





Губернаторы России
Москва

Мэр Москвы расширил финансовую поддержку бизнес-ангелов





Москва

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале испытаний беспилотного трамвая в городских условиях и запуске виртуальной карты «Тройка»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Антонио Вивальди

По мотивам Вивальди: необычный мультиформатный перфоманс покажут в Екатеринбурге




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!


ATP

Сумасшедший матч «Реала», Медведев опустился в рейтинге ATP. Главное к утру



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Врач Цимбалова заявила, что данные по заболеваемости детей штаммом FLiRT пока отсутствуют



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России