Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Базарбеков судьяларга коррупциядан оолак болууну эскерткенин айтты

0
Базарбеков судьяларга коррупциядан оолак болууну эскерткенин айтты

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бишкек шаардык соту менен Бишкектин Ленин райондук сотунун судьялары кармалган окуя тууралуу комментарий берди. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде судьяларды коррупциядан оолак болууну эки ирет эскерткенин, сот тармагы "ыплас, кылмышкер судьялардан" арылышы керектигин билдирди.

"Мен ушул жылдын 26-августунда кайталап, экинчи жолу сотторго "таза болгула, адилеттүү, акыйкат чечим чыгаргыла" деп эскертүү бергем. Буга коомчулукта туура эмес пикир айткандар болду. "Жогорку Соттун төрагасы судьялардын алдында жалдырап жатат, сотторду башкара албай калды" дегендер да болду. Бул андай эмес. Мен аларга жалдырагандай, чөгөлөгөндөй адам эмесмин. Тескерисинче, биз ошондой ыплас, кылмышкер соттор менен күрөшүп жатабыз. Биздин эскерткенибизге карабай судьялар кармалды",- деди Базарбеков.

Өткөн аптада Судьялар кеңеши Бишкек шаардык соту менен Бишкектин Ленин райондук сотунун судьяларын (И.Н.А жана К.Н.Т.) кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү”, “Пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясына “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” беренелери менен иш ачылган.

Судьялар кеңеши президент Садыр Жапаровго аларды кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы (И.Н.А.) опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалганын билдирген.

Мекеменин маалыматында шаардык соттун айрым судьялары оң чечим чыгарып берүү үчүн адвокаттын ортомчулугу менен соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алышканы аныкталганы кабарланган. Кармалган судья Бишкек шаардык сотунун судьясы Илиязова Назгүл Асанбековна экени айтылган. Атайын кызмат тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет. Ал 27-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. 

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары экинчи судья Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич экенин жазышкан.

Судьялар кеңеши 22-сентябрдагы жыйынында бир катар соттордун ишин карап, айрымдарын тартип жазага тартылганын билдирген. Анын ичинде Башкы прокуратуранын Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун мурдагы судьясы Ниматилла Каримбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушуна макулдук берилген. Бир катар судьяларга сөгүш жана эскертүүлөр берилгени кабарланган.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

В Москве прошла премьера документального фильма "Мамы и дети"


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как москвичи исполняют заветные мечты детей-сирот



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

VK Fest

ГК «Садовое кольцо» приглашает уфимцев посетить первый VK Fest в Башкортостане




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Фильм «Мой любимый чемпион» показали в павильоне «Роснефти» на ВДНХ в Москве

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025


Андрей Рублёв

Итальянская забастовка: Рублёв, Котов и Самсонова вылетели с «Ролан Гаррос», Потапова обыграла Ван Синьюй



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Лучшие фото недели // Запоминающиеся кадры 27–31 мая



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России