Ош: Билим алып, кесипке үйрөнүү зомбулуктан куткарат
“Демилгелүү ишкер айымдар” коомдук фонду Кара-Суу районунда жана Ош шаарында үй бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен, убагында билим ала албай калган аялдардын кесип үйрөтүүчү курстарга кирип, билим алуусуна көмөктөшөт. Аялдардын кесипке ээ болуп, балдарын багып кетүүсүнө жол көрсөтүшөт.