ЮНИСЕФ окуучу кыздардын укугу тууралуу иш-чара уюштурду
![ЮНИСЕФ окуучу кыздардын укугу тууралуу иш-чара уюштурду](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-515c-08db1fb7e9c0_cx12_cy7_cw77_w800_h450.jpg)
11-октябрь - Кыздардын эл аралык күнүн утурлай, ЮНИСЕФ "Кыздардын укуктарына инвестиция салыңыз: биздин лидерлик, биздин бакубатчылыгыбыз" деген темада иш-чара өткөрдү. Ага Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы мектептердин окуучу кыздары катышып, бизнес, активдүүлүк, чыгармачылык жана IT чөйрөсүндөгү көрүнүктүү аялдардын кеп-кеңешин угушту. Андан тышкары кыздардын интеллекти боюнча сынактар өтүп, жарманке уюштурулду.
50 миңден ашуун кыз катышкан "Илимдеги кыздар" программасынын бет ачары болду.
Иш-чарага бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен чогуу балдар омбудсмени Асель Чынбаева да катышты.
"Кыздар - бул келечек гана эмес, бүгүнкүбүз дагы, биздин милдетибиз - аларга күчтүү жана көз карандысыз инсандар катары өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү", - деди ал.
Иш-чаранын жыйынтыгында "Кыргызстан кыздарынын резолюциясы" сунушталды.
Кыздардын укуктарын коргоодогу глобалдык платформа болуп саналган Кыздардын эл аралык күнү жыл сайын 11-октябрда белгиленет.
Кыргызстанда кыздардын укугу тебеленип, зордук-зомбулукка кабылган учурлар арбын катталат.
Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын айтымында, 2021-жылы 300гө жакын кыз сексуалдык ыдык көрсө, 2022-жылы бул статистика эки эсе көбөйгөн.(ZKo)