Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

БУУ өкүлү "чет элдик өкүл" мыйзамы адам укугуна жана өнүгүүгө коркунуч жаратарын айтты

0
БУУ өкүлү

“Чет элдик өкүл” мыйзамы кабыл алынса Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жараларын бүгүн 17-октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве белгиледи.

Ал сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорундагы көпчүлүк беренелер Кыргызстандын адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин билдирди.

Ошону менен катар кылмыш жоопкерчилигинде каралган 10 жылга эркинен ажыратуу беренси өзгөчө тынчсыздануу жаратарын айтты.

Көңүл бура турган экинчи жагдай, Гравенин пикиринде, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө бир топ коркунуч жаралат.

Жарандык коом Кыргызстандын алыскы аймактарындагы калктын аярлуу катмарлары менен иштешип келатканын белгилеген БУУ өкүлү бейөкмөт уюмдар карыларга, жаш балдарга, аз камсыз болгондорго, майыптыгы бар адамдарга чоң жардамын берип келе жатканын кошумчалады.

Бүгүнкү парламенттик угууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү, эл аралык уюмдардын жүздөн ашуун өкүлү катышып жатат.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын бергенин, жалпы жолунан концепциясын колдой турганын, бирок айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу керек экенин белгиледи.

Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү кылмыш жообуна тартуу тууралуу норманы киргизүү зарылчылыгы жок экенин, себеби андай берене азыркы кодексте бар экенин айтышты. Акыйкатчынын орун басары бейөкмөт уюмдар саясий ишмердүүлүккө аралашып жатабы же жокпу, аныктоо маселеси бар экенин, Салык кызматы бейөкмөт уюмдар мекеменин сайты аркылуу каржылык отчетун берип турарын айтышты.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.

Аны депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, бүгүнкү күндө 20сы калды.

Надира Нарматова «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан.

Ал көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо 50-100 миң айыппул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатканын билдирген.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет. (TSh)





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о работе московских центров ментального здоровья





Москва

Московские студенты пройдут производственную практику в онкодиспансере в Балашихе


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин подвел итоги конкурса «Новатор Москвы»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анна Нетребко

Гром среди ясного неба: Семья Нетребко и Эйвазова не выдержала испытания «Крокусом»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Сотрудник Управления Росгвардии по Пермскому краю стал серебряным призером чемпионата по гирьевому спорту

Сотрудник Управления Росгвардии по Пермскому краю стал участником марафона спортивных успехов

Деликатес в чаше: всего по чуть-чуть


Уимблдон

Медведев проиграл Джоковичу на выставочном турнире перед Уимблдоном



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Из центра Москвы и сразу на Рублёвку: Почему элиты игнорируют беспредел на улицах России?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России