Жергиликтүү кеңеш: шайлоочулардын 27,83% добуш берди
Анын ичинен шаардык кеңештерге 392 844 (24,25%), айылдык кеңештерге 758 087 (30,15%) киши добуш берди.
Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат. Боршайкомдун маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды.
Айрым жерлерде шайлоо аппараттары иштебей калып жатты. Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде бюллетен чыгарган аппарат иштебей, шайлоочулар добуш бере алган жок. Мындан улам бул округда добуш берүү башка күнү уюштурулат. Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо тилкесинин дагы аппараттар иштебей калгандыктан добуш берүү үч саатка узартылды.
Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өтүүдө. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда. 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү. (TSh)