Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2025

Казакстанда 2,5 миңдей мамкызматкерге абакка экскурсия уюштурулду

0

Казакстанда 2510 мамлекеттик кызматкерди абак жайларындагы тергөө изоляторлоруна жемкорлукту алдын алуу үчүн алып барышкан.
Бул тууралуу Коррупцияга каршы агенттиктин расмий өкүлү Данияр Бигайдаров билдиргенин "Казинформ" жазды.
Мекеме мындай экскурсия болорун 2024-жылы март айында эле билдирген. Мамлекеттик кызматкерлерге тергөө кабинеттерин, абак камераларын жана абактагылар сейилдөөчү жайды көрсөтүшкөн. "Иш-чаранын башкы максаты - мамлекеттик кызматкерлердин жана мамлекетке караштуу АК, ЖЧК ж.б. ишканаларда иштегендердин арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу".

Мекеменин билдиришинче, экскурсиядан тышкары, мамлекеттик кызматкерлер жана бюджеттен маяна алгандар коррупцияга байланыштуу соттук иштерге да катышууда. Өткөн жылы 403 мектептин жетекчи, бухгалтер жана мугалимдери №55 гимназиянын бухгалтеринин сотуна онлайн байкоо салышкан. Бухгалтер 413 млн теңгени (826 миң доллар) жымырып алды деп айтыпталууда.
Бигайдаров экскурсиянын максаты - кесепетин көрсөтүү менен "шок терапия" түрүндө жемкорлуктун алдын алуу. Тергөө абагына жана абак жайларына мамлекеттик органдардын жетекчилери, район акимдери менен алардын орун басарлары, андан тышкары акимиаттын аппарат бөлүмдөрүнүн ар кандай даражадагы жетекчилери барган.

"Мындай ыкма менен мамлекеттик кызматкерлерди коркутууну көздөбөйбүз. Башкы максат - мамлекеттик сектордун ар бир кызматкерине мыйзам бузуп, коррупцияга барганда анын кесепети кандай болорун көрсөтүү", - деп билдирген агенттик өкүлү.
Казакстан коррупция деңгээли жогору мамлекеттердин катарында. Коррупциянын деңгээлин изилдеген эл аралык Transparency International уюмунун февраль айындагы индексинде Казакстан 2024-жылы 180 мамлекеттин ичинен 88-орунду ээлеген.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России