Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2025

Бишкекте элдик революцияларга арналган жыйын өтүп жатат

0

Бишкекте Элдик революцияларга арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Тарых музейинде өтүп жаткан бул жыйын быйыл 2005-жылы 24-марттагы элдик ыңкылаптын 20, 2010-жылы 7-апрелдеги революциянын 15 жылдыгына арналган.

“Элдик революциялардын максаттары жана сабактары” аттуу жыйынды Илимдер академиясы уюштурган. Тарыхый окуяларга баа берип, талдоо жүргүзө турганы айтылган жыйынды Абдыганы Эркебаев алып барууда.

Илимпоздор, саясий жана коомдук ишмерлер чакырылган жыйындын ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасы, вице-президент Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева сөз сүйлөдү.

Жыйында алгачкы болуп сөз алган мурдагы акыйкатчы, Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов болуп өткөн окуялардын саясий, социалдык, экономикалык жана эл аралык да себептери болгонун белгиледи. Өткөн заманга комплекстүү, илимге баа берүү кыйын экенине токтолду.

"Мен бардык президенттер менен иштедим. Алардын баары эле жамбаштап жатып алган эмес. Билимине, тажрыйбасына, адамдык сапатына жараша колунан келишинче иштеген. Айрымдары 30%, айрымдары 80% иштеди. Президенттер деле адам да. Көптөгөн процесстерге карата өз планын түзүп иш алып барат экен. Бирок ага карабастан көбүнүн окшоштуктары бар. Мен көргөн президенттер кадр тандаганды билчү эмес. Муну көбү да моюнга алган. Элитаны өстүрө албай калыппыз дешкен. Азыр биз базары, бизнеси барларды элита деп жүрөбүз, алар элита эмес, алар нувориштер", -деди Мамытов.

Мамытов коңшу мамлекеттер элита жаратуу үчүн коргонуу жана саясий жаатта иштей турган жаштарды даярдап жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда "Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген 24-мартта Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаевдин бийлигине чекит коюлган. Ал өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде эмгектенет, аталган окуу жайдын профессору. Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген. Акаев бийликтен негизсиз кулатылганын айтып келет. 2024-жылы сентябрда ал экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазып, парламент аны четке каккан.2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы аянтка чыккан элге ок атылган. 90дон ашуун адамдын өмүрү кыйылган бул окуядан кийин сот Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан. Быйыл Беларустан Курманбек Бакиевди алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду. Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигиндеги соңку маегинде расмий Минск 15 жылдан бери бул өлкөдө баш калкалап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти камакка алынбаса, өткөрүп берүүгө даяр экенин айткан. (ST)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России