Бишкекте жол куруу иштерине 4,5 млрд сом бөлүндү
Мэр 2025-жылга жалпы узундугу 42 чакырымды түзгөн сегиз негизги жолду реконструкциялоо пландалганын айтты. Муну менен катар “Манас” эл аралык аэропортуна баруучу жолду реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт, буга катар эле төрт жаңы автожол, Аламүдүн дарыясынан өтүүчү үч көпүрө курулат. Ошондой эле 250 заманбап автобус алуу пландалууда.
Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын жол өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң автоунаага эсептелгенин, жол тыгынын чечүү аракети көрүлүп жатканын билдирген.
Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгын негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданышууда. (BTo)
