Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2025

Автобуста бөбөк араба үчүн жол кире тууралуу түшүндүрмө берилди

0
Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт департаменти коомдук транспортто бөбөк арабалары үчүн кошумча жол кире талап кылынганы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин 25-мартта “Азаттыкка” билдиришинче, бул боюнча Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылы кабыл алган токтому бар.
Ал документке ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн узуну 1 метр, туурасы 50-60 сантиметрден ашса же салмагы 40 килограммдан көп болсо 17 сом кошумча жол кире төлөшү керек. Бул талаптан бөбөк арабалары бошотулган эмес.
“Ар кандай көлөмдөгү коляскалар бар. Бул талапка туура келсе, эч кандай жол кире төлөбөйт. Көлөмү чоңдору да бар. Алар автобуска чыкканда эки кишинин ордун ээлеп калат”, - деп түшүндүрдү мекеме.


Соңку күндөрү социалдык тармактарда коомдук транспортко бала менен чыккан учурда коляскага кошумча жол кире талап кылынганы талкууга түшүп, айрымдар буга нааразылыгын билдирген. Ошондой эле департаменттин социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланган видеодо “автобуска чыгарда баланы бир колго кармап, арабаны бүктөп алып киргиле” деген кеңеши да талкууланып, муну шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратуу катары баалагандар болууда.
Буга чейин майыптыгы бар адамдарды муниципалдык коомдук транспорт айдоочулары автоунаага түшүрбөй, аларга шарт түзбөй койгон учурлар да катталган. Былтыр февралда айдоочу майыптыгы бар адамга араба менен троллейбуска кирүүчү пандусту ачуудан "иштебейт" деген себеп менен баш тарткан.
“Бишкекшаартранс” муниципалдык ишканасынын маалыматында, муниципалитеттин балансында 1 407 автобус бар. Шаар боюнча жалпысынан 58 каттамдык линия тейленип, күнүгө 1 200 автобус жолго чыгат. (TAb)






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России