Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2025

Аялуу баласы бар энелерге акысыз юрист берүү мыйзамы экинчи окуудан өттү

0
Майыптыгы бар балдардын ата-энесине акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору Жогору Кеңеште экинчи окуудан өттү.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелерине же камкорчуларына акысыз кесипкөй юрист берүү тууралуу мыйзам долбоорун 19 депутат алып чыккан.
Авторлордун бири Айсулуу Мамашова 26-мартта "Азаттыкка" билдиргендей, аялуу балдары бар көпчүлүк ата-энелер каржылык тартыштыкта жашайт, мындан улам ажырашкан учурда юрист жалдоого кудурети жетпейт.
"Мыйзам майыптыгы бар балдардын ата-энелерине алимент өндүрүүдө жардам болсун деп каралган. Анткени 90% ата-эненин бири мындай баласын таштап кетет. Алардан алимент өндүрүүдө мамлекеттен акысыз юридикалык жардам болсун деп ушул мыйзамды жазып чыкканбыз. Эң башкы максатыбыз баланын укугун коргоо", - деди Мамашова.
Майыптыгы бар балдарга адвокат же кесипкөй юристтин кызматы анын ата-энесинин же камкорчусунун кирешеси канча экенине карабай көрсөтүлүүгө тийиш.


Эл өкүлү мыйзамда мүлк талашкан учурда мыйзамга майыптыгы бар баласы бар энелерди мамлекеттик төлөмдөн бошотуу да каралганын кошумчалады.
Акысыз юридикалык жардам аялуу баланы баккан ата-эненин бири ажырашууга арыз бергенде, ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча кайрылганда, алимент өндүргөндө, балдардын жашай турган жерин аныктаганда, бала менен сүйлөшүү тартибин бекиткен учурда, баланын мектептен тартып ЖОЖго чейин билим алуусун камсыздаш керек болгондо, кошумча чыгымдарга каражат керек болгондо көрсөтүлөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин маалыматында, Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден ашуун. Анын ичинен 15 миңге жакыны бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж. (ST)






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России