Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2025

Түркиядагы нааразылык акцияларын чагылдырган"Би-би-синин" журналисти депортацияланды

0

Бир нече күндөн бери Стамбулдун кызматтан четтетилген мэри Экрем Имамоглунун камалышына байланыштуу тутанган толкундоолорду чагылдырып келген "Би-Би-Синин" кабарчысы Марк Лоувен Түркиядан 27-мартта чыгарылды. Бул тууралуу аталган маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн таңга жуук (27-март), Түркия бийликтери ""Би-Би-Синин" кабарчысы Марк Лоувен Стамбулдан чыгарылды. Аны бир күн мурда отелинен кармап кетишип, 17 саатка камашкан. Бейшемби таң эрте ага жазуу түрүндө "жарандык тартипке коркунуч туудуруп жатат" деген негиз менен чыгарыла турганы боюнча билдирүү берилди".-деп жазылат маалымат каражаты тараткан билдирүүдө.

Лоувен өзү алты жылдан бери Түркияда жашап келгенин жана депортацияланышы ага оор тийгенин жазды.

"Басма сөз эркиндиги жана обьективдүү маалымат берүү ар бир демократиянын негизги принциптерине кирет."-деп жазды ал.

Кийинки президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы болору күтүлүп жаткан Экрем Имамоглу 18-мартта кармалган. Ага жемкорлук жана опузалап акча талап кылуу сыяктуу бир катар айыптар тагылып жатканы маалым болгон. 54 жаштагы Имамоглу менен анын командасынын бир нече мүчөсү да кармалган. 23-мартта сот аны расмий камакка алуу чечимин чыгарган.

Имамоглунун камалышына каршылыгын билдирип Түркиянын ар кайсы аймактарында түмөндөгөн адам нааразылык акциясына чыгышты.

Аларды полиция суу бүркүп таркатууга аракет кылды. Бир нече күндөн бери акцияга чыккандардын арасынан 1400дөн көп адам кармалды. Алардын баары жана оппозиция Имамоглунун камалышынын саясий мүдөсү бар экенин айтып келишет.

Юстиция министрлиги Имамоглунун камалышына түрк бийлигинин, тактап айтканда Эрдогандын тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Кармалгандардын арасында журналисттер да бар. Алардын ичинен француз агенттигинин сүрөтчү-журналисти жана бир нече түрк репортерлору бир нече күн камакта отургандан кийин бошотулду.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России