Кыргызстанда балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 60 миңге жетти
Сот департаментинин маалыматы боюнча, 59 миңден ашык иш ачык турат.
Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.
Жогорку Кеңеш соңку учурда алимент төлөбөгөндөрдүн жоопкерчилигин кароону сунуштап келет. Былтыр парламентте алименттен качкандарга жазаны катаалдатуу мыйзамын комитет колдогон. (КЕ)
