Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2025

Шыкмаматов патент системасы кайтарылса салык чогултуу убактылуу азаярын айтты

0

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов айрым ишкерлерди электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) жана көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) колдонуудан бошотууда салыктан түшкөн каражат убактылуу азая турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 31-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында салык саясаты боюнча маалымат берип жатып айтты.

“Мамлекетте акчанын артынан кубалап шартты катаалдатуу же салык аз чогулса да өзгөчө чакан жана орто бизнеске жеңилдик берүү деген эки жол бар. Чакан жана орто бизнес эркин сезип, жеңилдик болсо көмүскөдөн чыгууга шарт түзүлөт. Салык убктылуу аз чогултулганы менен кийин кайра ал толукталат”, - деди ал.

Министрлер кабинети чакан жана орто бизнеске патент системасын кайра кайтарганы жатат.

Жаңы салыктык реформанын алкагында Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан баштап соодадагы патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенген ишкерлер ККМдин киришине каршы бир катар нааразылык акцияларын өткөргөн.

Алмамбет Шыкмаматов буга чейин ЭТТКны беш товарга гана - мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калтырууну сунуштаган. Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашуун ар кандай товарга колдонулат.

ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России