Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2025

Ала-Арчага майдан баштап автоунаалар киргизилбейт

0

Ала-Арча жаратылыш паркына май айынан баштап күйүүчү май менен жүргөн автоунаалар киргизилбейт.

Келген конокторду парктын ичине атайын уюштурулган электрокарлар жеткирет.

Президенттин иш башкармалыгы мындай чектөө экологиялык туруктуулукту сактоо багытында кабыл алынганын билдирди.

"Жакын арада Бишкектен түз автобус каттамдары ишке кирет, буга чейинкидей парктын кире беришинде тыгындар болбошу керек. Паркта алгачкы ирет курулуп жаткан асма жол жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда", - деп жазылган маалыматта.

Айрым медиалар Иш башкармалыкка таянып, паркта от жагууга тыюу салынарын, абанын булганышын азайтуу үчүн газ менен иштеген мештер орнотуларын жазышты.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачууну сунуштаган.

2023-жылы Туризм департаменти Ала-Арчада туристтик тейлөө борбору – кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борбор куруларын маалымдаган.

Учурда Ала-Арчада эс алуучуларды кабыл алган 20дан ашуун коттеж бар.

Парктын жетекчилиги буга чейин "Азаттыкка" сезон маалында жаратылыш паркына күн сайын орточо 7 миң адам жана 900дөй унаа кирерин билдирген.

Экологдор Ала-Арча паркы макамы боюнча эс алууга ылайыкташпаганын айтып келишет.

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы өзүнчө корукка алынган. (ST)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России