Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2025

Индия пакистандыктарды үч күн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

0

24-апрелде Индиянын Тышкы иштер министрлиги үч күндүн ичинде пакистандык жарандарга берилген бардык визалар жокко чыга турганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, медициналык визалар 29-апрелде, визанын калган түрлөрүнүн мөөнөтү 27-апрелде аяктайт. Мекеменин маалыматына караганда, Пакистандын жарандары визанын мөөнөтү аяктаганга чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек.

Муну менен катар Индия Пакистан менен болгон жалгыз чек ара бекетин жаап, Инд дарыясын пайдалануу боюнча келишимди токтотконун жарыялады. Бул келишим 1960-жылы ишке кирген.

Буга жооп катары Пакистан Индия менен болгон сооданы токтотуп, Индиянын бардык авиакомпаниялары үчүн аба мейкиндигин жапты. Исламабад ошондой эле Индиянын жарандарына Пакистандан чыгып кетүүнү талап кылып, качкындарга жардам программасы менен берилген визалар токтотулганын жарыялады.

Эки өлкөнүн алакасы 22-апрелде Индиянын Кашмир аймагында болгон окуядан кийин курчуду. Шейшембиде куралчан адамдар топтолгон элге ок чыгарып, 26 адам каза болуп, 17сижаракат алган. Индиянын өкмөтү бул окуяны теракт деп атаган. Расмий Дели Исламабадды теракт үчүн түздөн-түз айыптабаса да, элге ок чыгарган адамдардын Пакистан менен байланышы бар экенин билдирди. Кол салган үч адамдын экөө Пакистандын жараны экени айтылууда.

Ок атышуу болгон Пахалгам туристтер көп барган жерлердин бири. Ал Индия менен Пакистандын талаштуу аймагында жайгашып, Индия тараптан көзөмөлдөнөт. Калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар. Индия менен Пакистан 1947-жылы Британиянын колониясынан бошонгондон бери Кашмирди талашып келет. Өзөктүк куралы бар эки коңшу тең аймактын айрым бөлүктөрүн гана көзөмөлдөйт.

Кашмир боюнча алардын ортосунда эки жолу согуш чыккан. Нью-Дели Исламабадды "аймактагы согушкерлер тобун колдойт" деп айыптаса, Пакистан бул дооматты четке кагат. (AiA)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России