Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2025

Муфтий Абдулазиз Закиров аялдарга жасалган зордук-зомбулукту айыптады

0

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Закиров аялдарга жасалган зордук-зомбулукту айыптап атайын билдирүү жасады.
Ал коомчулукка кайрылып, "аялзатын кордоо, көңүл коштук кылуу жаратылыш мыйзамына, шариятка каршы келген чоң адилетсиздик" деп атады. Мындан улам эркектерге кайрылып, кыз-келиндерди коргоп, колдоого чакырды.

"Ар бир аял – эне, жар, кыз жана эже катары коомдун түпкү тиреги экенин унутпашыбыз керек. Пайгамбарыбыз Мухаммед "силердин эң жакшыңар – аялдарына жакшы мамиле кылгандарыңар" деп, эркектерге аялзатына болгон мамиленин деңгээл менен ыйманын өлчөп берген. Аялзатынын укугу ыйык. Ага болгон кайдыгерлик – бул ыймандын алсыздыгы. Аялга урмат – коомго урмат. Аялга камкордук – үй-бүлөгө тынчтык. Аялга мээрим – келечекке бейпилдик.Ушул жерден ойчул Уинстон Черчиллдин да сөзү эске келет: "Аялды улуу кылган коом – улуу коом болот. Аялды тебелеген эл – өз тагдырын тебелейт". Азыркы заманда аялзатына болгон зомбулук, көңүл коштук, кордоо – бул жаратылыш мыйзамына, шариятка каршы келген чоң адилетсиздик. Аял – өзүнүн аземин, өзөгүн, өзүн – биз эркектер аркылуу бекем сезет. Эгер биз коргоо милдетибизди унутсак, анда биз эркек эмес, тек гана кара күч болуп калабыз.Эркектин улуулугу аялга жасаган мамилеси менен билинет. Урматтуу эр азаматтар! Үй-бүлө – үммөттүн уюгу. Ал уяны сактоо – силердин жоопкерчилигиңер. Сиздин сөзүңүз, көз карашыңыз, жүрүм-турумуңуз аялдын жүрөгүнө күн болуп тийиши мүмкүн. Же болбосо муздак шамалдай үшүтүп коюшу да мүмкүн. Эркек – дубалды тургузса, аял – анын ичин бейишке айлантат. Эгер дубалды тургузган менен ичин талкалап, эзип турсак – анда бизге бейиш кайда? Бүгүнкү күн – аялзатына болгон мамилени кайрадан карап чыгуу күнү. Ар бир күйөө – жубайына сүйүүнү, ар бир уул – энесине кызматты, ар бир ага – карындашына коргоону милдет деп билиши керек.Аялга урмат көрсөтүү – ыймандын күзгүсү. Ага зулумдук кылуу – жүрөктүн караңгылыгы. Келгиле, аялзатына болгон көз карашыбызды Курандын нуруна, Пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ылайык түзөлү. Үй-бүлөнү мээрим менен, коомду адеп менен, аялзатын урмат менен курчап, Раббибиздин ыраазылыгына жетели",-деп билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда аялдарга жасалган соңку үрөй учурган окуялар, зордук-зомбулуктардан улам муфтият билдирүү жасашы керектиги тууралуу пикирлер арбын айтылып жаткан.

Мнун алдында Кара-Кулжада классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялын өлтүрдү деп шек саналган жаран камалган. Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы окуя 26-майда болгонун билдирген.
Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес, бирок маркумдун туугандары келинди күйөөсү атып салганын билдиришкен.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России