Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2025

Кыргызстан Палестин мамлекетин түзүүнү колдой турганын кайталады

0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-сентябрда Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышты. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, өкмөт, парламент жетекчилери, тышкы иштер министрлери, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү келди. Жыйында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланды.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан сөз сүйлөп, 9-сентябрда Доха шаарына жасалган соккуларды катуу айыптарын белгиледи. Бул окуяны эгемендикти одоно бузуу, аймактык бүтүндүккө кол салуу жана тынч мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруу катары баалады.

“ТИМ башчысы Кыргызстан бардык куралдуу ыкмаларды колдонуу аркылуу жаңжалдарды чечүүгө каршы экенин белгилеп, дүйнөлүк коомчулукту ок атууну токтотууга жана Газа секторундагы жай тургундарга гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды”, - деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Министр Кыргызстан Палестина элинин өз алдынча чечим кабыл алуу жана көз карандысыз мамлекет түзүү позициясын колдой турганын дагы бир жолу ырастады.

9-сентябрда Израил Катардын борбору Дохадагы имараттарга ракета менен сокку урган. Мындай аракетти Израил ХАМАС уюмунун жетекчилерине “багытталган сокку” деп атаган. Катар расмий Тел-Авивдин кадамын “мамлекеттик терроризм” деп баалады.

11-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши, бир катар өлкө жетекчилери Дохадагы аба соккуларын айыптаган. Кыргызстандын бийлиги да өткөн аптадагы чабуулдарды айыптап, бул аракеттер “эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын принциптерин бузат, Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине шек келтирет” деп билдирген.

Садыр Жапаров Дохага жасалган ракеталык чабуулдарды айыптаган.

2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге кол салуудан соң 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Алардын 140дан ашууну бошотулган. Бул окуядан кийин Израил Газаны ХАМАСтын таасиринен тазалоону максат кылып, аскердик операцияларды жүргүзүп, абадан, жерден сокку уруп келет. Чабуулдардан улам Газада гуманитардык абал кыйындап, миңдеген адам үй-жайсыз калды. Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 64 миңден ашуун киши каза тапканын өткөн жекшембиде маалымдады.

ХАМАСты АКШ жана Европа Биримдиги террорчул уюм деп жарыялаган.

Сентябрдын аягында Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жыйыны өткөнү турат. Жыйында Франция, Улуу Британия сыяктуу бир катар өлкөлөр Палестин мамлекетин таануусу күтүлүүдө. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России