Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2025

Израил армиясы Газага абадан сокку уруп, шаарга танктар киргени кабарланды

0

Америкалык Axios сайты кабарлагандай, жөөт армиясы 16-сентябрга караган түнү Газага абадан сокку уруп, андан кийин шаарга танктар кирген.

ЦАХАЛдын жогорку даражалуу өкүлү аталган басылмага Израилдин күчтөрү Газага киргенин, жакынкы күндөрдө аларга кошумча күч тартыларын билдирди.

Операциянын алдында ЦАХАЛ палестиналыктарды шаардан чыгып кетүүгө, жана түштүктөгү "гуманитардык аймакка" көчүүгө чакырган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Газа шаарынан 300 миңдей киши чыгып кетти. The Jerusalem Post дагы 700 миңдей киши шаарда калганын жазды.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 15-сентябрдын кечинде Газа шаарын ээлөө үчүн жердеги операциясын баштаган. Чабуул АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушкандан бир нече саат өткөндө башталган.

Axios басылмасынын булактары Рубио Трамптын администрациясы жердеги операцияны колдой турганын, бирок ал тез арада жүргүзүлүшү керектигин айтканын билдиришкен.

Газадагы чабуулдар ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткенден кийин башталган.Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек. Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат. Жашоочулар ачарчылыктан жапа чегүүдө.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России