Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025

Астанада балдары армияда каза болгон ата-энелердин митингине уруксат берилген жок

0

Казакстандын борбору Астана шаарынын бийлиги балдары армияда каза болгондордун же жаракат алгандардын ата-энелерине митинг өткөрүүгө уруксат берген жок.

Буга чейин бир топ ата-эне 16-декабрда митинг өткөрүүгө уруксат сурап Астана акимчилигине расмий өтүнүч менен кайрылган.

Уруксат берилбегенин аскерде каза болгон Алмас Шахимовдун апасы Индира Мураткызы айтты.

"Алмас Шахимовдун соту бүттү. Сот офицерди күнөөлүү деп тапканы менен аны камаган жок. Биз адилет сот талап кылабыз, өкүмгө макул эмеспиз", — деди Индира Мураткызы социалдык тармактарда тараган видеодо.

Анын айтымында, бул демилгени "жүздөгөн энелер колдоп жатат". Акимчиликке жөнөтүлгөн өтүнүчтө 10 адамдын аты-жөнү көрсөтүлгөн.

Астана бийлиги аялдарга берген расмий жоопто өтүнүчтү "толук эмес" деп көрсөтүп, (Тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзам, 14-берене, 1-бөлүк, 5-пункт) митингге уруксат берилбей турганын белгилеген.

Акимчилик азырынча кеңири түшүндүрмө берген жок.

3-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев куралдуу күчтөрдүн жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда аскерлердин өлүмү жана жаракат алуу учурлары да сөз болгону кабарланган. Бирок жыйында кандай маалымат айтылганы так айтылган жок.

Ноябрдын башында Астанада аскер кызматын өтөп жатып каза болгон же жаракат алган жоокерлердин ата-энелери митинг өткөрүп, бийликтен реформа жүргүзүүнү жана жабыркагандарга адилет компенсация төлөөнү талап кылышкан. Андан кийин Токаев башкы прокурорго ата-энелердин арызын карап чыгуу тапшырмасын берген.

КазТАГдын маалыматына караганда, акыркы беш жылда Казакстан армиясында жүздөгөн аскер каза болду. Казакстан армиясында ар кандай эсеп боюнча 110 миң аскер бар.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России