Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025

Атамбаев менен Султанбековдун адвокаты айрым тергөө документтери берилбей жатканын айтты

0

Кадырбек Атамбаев менен Темирлан Султанбековдун адвокаты Нурбек Токтакунов тергөөчүлөрдөн айып коюлганы жана алардын бөгөт чарасы тууралуу гана документтерди алганын, бирок кылмыш иши козголгону, тинтүү жүргөнү тууралуу токтомду алалбай жатканын айтты. Ал Фейсбуктагы баракчасына бул документтерди жашырып жатышканы ага түшүнүксүз экенин жазды.

"Алар мага кылмыш иши козголгону жана тинтүү тууралуу протоколду беришкен жок. Мен мыйзамга ылайык айыпталуучуга жана тинтүү болгон үйлөрдүн кожоюндарына берилчү документтерди ошол адамдардардан жана адвокаттарынан жашырып жатышканын түшүнбөйм. Балким тинтүү тууралуу токтом деле болгон эместир? Ошондой эле эмнеге жактоочуга тергөө абагына маалымкат алып киргенге уруксат бербей, туугандары менен байланышууга мүмкүнчүлүк бербей жаткандарын түшүнбөй турам",-деп жазды Токтакунов

Адвокаттын мындай дооматтарына байланыштуу Ички ичтер министрлиги (ИИМ) азырынча комментарий бере элек.

Өткөн айдын аягында ИИМ жапырт кармаган 10 адамдын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен айып тагылганы белгилүү болгон.
Бул берене менен күнөөлүү деп табылган адам мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

ИИМ башта саясатчылар жана активисттер кармалганы тууралуу маалымат таратканда Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси - “массалык башаламандыктар” менен иш ачылганы кабарланган.

22-ноябрдын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Тасмадан Темирлан Султанбековду, “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген жок.

Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып коюп жатат.

Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков (1998-жылы туулган С.Т.), Кадырбек Атамбаев (1993-жылы туулган А.К.) жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдон (1970-жылы туулган К.К.) тышкары экс-депутат Шайлообек Атазов (1979-жылы туулган А.Ш.), Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев (1984-жылы туулган М.Д.), саясатчы Урмат Барктабасов (1963-жылы туулган А.У.), “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов (1983-жылы туулган Э.Э.), Турсунбай Шарапов (1986- жылы туулган Ш.Т.) жана аты-жөнү белгисиз дагы эки адам бар. Булардын ичинен баштагы үч кишиден тышкары жети адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кине коюлду. Биринчи май райондук соту аларды 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алды.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России