Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025

ДССУ Кыргызстанда балдарды эмдетүүгө каршы болгон себептерди изилдеп жатат

0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы миссиясы өлкөдөгү балдарды эмдетүүдөн баш тартууга алып келген себептерди аныктоо үчүн изилдөө жүргүзгөнү жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ушул тушта уюмдун эксперттери жергиликтүү адистер менен бирге өлкөдөгү эмдөө тажрыйбасын иликтеп, тоскоолдуктарды аныктап, бул жаатта бардык маалыматты чогулта баштаганын кабарлады.

"Изилдөө тобу өлкөнүн бир нече аймактарындагы, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык мекемелерге барып, жетекчилер, дарыгерлер, медайымдар жана иммундаштыруу программасынын адистери менен маектешти. Ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлери айрыкча эмдөөдөн тынчсызданган же тартынган ата-энелерди ынандыруу үчүн кошумча окутуудан өтүшү керекпи же жокпу деген маселени аныктоодо. ДССУнун адистери толук эмес эмдөө себеп болгон фактор катары кызамык оорусунун жайылышын талдап жатат. Алынган маалыматтар улуттук саламаттыкты сактоо органдарына жана алардын кызматтарынын сапатын жакшыртууга жана калкты камтуунун максаттуу чараларын ишке ашырууга жардам берет",-деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан 20 миңдей учур катталган.

Диний ишенимден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тартып башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 бейтап катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.
Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки алты айда кызамык жуккан 8572 бейтап катталган. Ушул убакыттын ичинде ооруга чалдыккан 10 бала чарчап калган, алардын алтоо бир жашка чейинки ымыркайлар. Экөө 1-5 жаш, дагы экөө 8 жаштан өткөн балдар.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, каза болгондордун баары ооруга каршы эмделген эмес жана ооруну жуктуруп алгандар Бишкек шаарында көп болуп жатат.

Өткөн жылы кызамык жуккандар 14 миңден ашкан.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России