Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025

БШК 12 шайлоо округу боюнча чечим чыгарып, жеңүүчүлөрдү бекитти

0

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-декабрдагы отурумунда дагы 12 шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын таанып, жеңүүчү талапкерлерди бекитти.

№2 шайлоо округунан талапкерлер Ырысбек Атажанов (13 791 добуш), Бактыяр Калпаев (6 981 добуш) жана Бурун Аманова (5 078) добуш менен жеңүүчү талапкер деп таанылды.№5 шайлоо округу боюнча жеңүүчү деп таанылгандар: Элдар Сулайманов (18 789), Азамат Исираилов (9 248) Айгүл Ахмедова (5 225)№10 шайлоо округунан Курманкул Зулушев (14 688), Сүйүн Өмүрзаков (7637), Гүлнара Баатырова (3 506) шайланды деп табылды.№11 шайлоо округу боюнча жеңүүчү деп Шаирбек Ташиев (24 302), Алтынбек Кылычбаев (7 миң 447) жана Венера Салямова (4 839) таанылды.№15 шайлоо округунан талапкерлер Нурланбек Тургунбек уулу (17 125), Азизбек Турсунбаев (10 713) жана Айсаракан Абдибаева (3 988) жеңди деп бекитилди.№20 шайлоо округунан Темирлан Айтиев (9 021), Сеидбек Атамбаев (3 825) жана Токтобүбү Ашымбаева (1 249) жеңүүчү талапкерлер деп таанылды.№22 шайлоо округунан шайланды деп табылгандар: Дастан Бекешев (17 378), Болот Ибрагимов (8 128) жана Гуля Кожокулова (1 214)№24 округунан жеңүүчү деп аныкталгандар: Улукбек Карыбек уулу (6 038), Жумабек Салымбеков (7 481) жана Гүлнара Акимбаева (3 505).№27 шайлоо округу боюнча Акылбек Түмөнбаев (13 495), Табылды Муратбеков (5 992) жана Гүлкан Молдобекова (5 156) уткан талапкерлер болду.№29 округдан Нурбек Сыдыгалиев (13 067), Адилет Белеков (9 535) жана Гүлсүнкан Жунушалиева (6 688) жеңүүчү деп табылды.№28 шайлоо округунан Көкүлөв Эрулан (11 619), Болот Сагынаев (9 254) жана Рахат Жунушбаева (6 724) утту деп аныкталды.№30 шайлоо округу боюнча Кубанычбек Самаков (13 333), Улан Бакасов (11 411) жана Жылдыз Таалайбек кызы (7 243) жеңди деп таанылды.Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин 5-декабрда №16 шайлоо округу боюнча жыйынтыкты таанып, жеңүүчүлөрдү бекиткен. Ошону менен жалпы 13 округ боюнча жыйынтык кабыл алынды. Ал эми 13-округда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген негизде Боршайком жыйынтыкты жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындаларын билдирди. Бул чечимге байланыштуу айрым талапкерлер БШКнын чечимин сотко берди.

Мыйзамга ылайык, БШК шайлоо күнүнөн кийин эки аптанын ичинде шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, шайланган талапкерлерди жарыялашы керек.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келиши керек. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России