Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025

БШКнын жумушчу тобу №19 шайлоо округу тууралуу арызды четке какты

0

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу 8-декабрдагы отурумунда №19 шайлоо округунан талапкер Рысгүл Акимжанова жазган арызды карап, далилдер жетишсиз деген негизде канааттандыруудан баш тартты. Анда Акимжанова ал катышкан округда башка талапкерлер тарабынан добуш сатып алуу фактылары болгону тууралуу билдирген.

Бул жыйында №26 шайлоо округунда талапкер Медербек Саккараевдин үгүтчүлөрү акча таратканы тууралуу арызды дагы карады, бирок чечим чыгарган жок. Анда Ички иштер министрлигинин өкүлү Улан Зикиралиев бул арыздын негизинде акча таратты деген Нурлан Шаршеналиев суракка алынганын, жоопко тартылганын билдирди. Тергөөчүнүн уруксаты менен ал жумушуна байланыштуу суранып кеткенин маалымдады. ИИМдин өкүлү ал өзүнүн жеке кызыкчылыгынан улам акча таратканын, ал тууралуу Саккараев билбегенин, тергөө уланып жатканын айтты.

Бул округдан талапкер Элдар Абакиров БШКга жана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, ушул аймакта аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайын, айрым тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып жатканын териштирүүнү талап кылган.
Бул маселени Боршайком 5-декабрдагы отурумунда дагы караган жана чечим укук тартибин коргоо органдарынын корутундусунан кийин кабыл алынарын билдирген.

БШК буга чейин №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгын "добуш берүүнүн купуялуугу бузулду" деген жүйө менен жокко чыгарган жана кайра шайлоо дайындаларын билдирген. Ошондой эле айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган жана бул талкуу жараткан.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России