Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Түлеев Атамбаевдин тушунда салыктан качканын, азыркы бийликтин убагында 300 миллион сом төлөгөнүн билдирди

0

Ишкер, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда салыктан качканын, азыркы бийликтин тушунда ошонун айынан 300 миллион сом төлөгөнүн билдирди. Ал журналист Майраш Базлакуновага курган маегинде мурдагы президенттердин убагында салык төлөбөө ишкерлер үчүн кадыресе көрүнүш болгонун билдирген.

"Ачыгын айтайын, Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир дагы салык төлөгөн эмесмин. Атамбаевге баары бир болчу. Төлөп жатасыңбы, төлөбөй жатасыңбы, анын иши да жок болчу. Ал "муну иштетпе, буга жумуш бербе, уруксат бербе" деп коюп эле жата берчү. Атамбаевдин убагында бир дагы салык төлөгөн эмесмин, эмнеге корком? Түрмөдөн чыгып келип дагы төлөгөн жокмун. Анан ошонун баарын бул бийлик келип санап туруп 300 миллион сом "кустуруп" жатпайбы. Күнөө өзүмдө да. Атамбаевдин убагында бир дагы адам салык төлөчү эмес. Сооронбай Жээнбековдун убагында деле салык төлөшчү эмес", - деди Түлеев.

Атамбаев менен Жээнбеков жана алардын тушунда өкмөттү, Салык кызматын жетектеген адамдар Түлеевдин айткандары тууралуу комментарий бере элек.
Түлеевге 2013-жылы Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан сырткары таштанды ташуучу машина сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деген кине менен кылмыш иши козголгон жана тогуз жылга эркинен ажыратылган. Ал 2016-жылы келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин түрмөдөн чыккан.

Ушул тушта Түлеевге таандык “Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин Чүй көчөсүндөгү "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жака-белинде курулуш жүргүзүп жатат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-декабрда бул курулушту текшерген жана социалдык тармактарда айтылган сын-дооматтардан улам барганын билдирген. Анда жолго чыгып кеткен, пландан сырткары курулушту алууну тапшырган.

Түлеев Ташиев келип кеткенден кийин курулушту планга ылайык жүргүзөрүн билдирген.

Бишкек мэриясы 31-марттан тарта Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү эки жылга жабыларын билдирген. Анда Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган.
Долбоорго "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөрүн маалымдаган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России